Мунай заттын баасы кымбаттады

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүРабота нефтяных станков - качалок
Работа нефтяных станков - качалок - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Москва убактысы боюнча саат 5.27ге (Бишкек - 8.27) карата фьючерсте Brent үлгүсүндөгү түндүк деңиз мунай затынын аралашмасы 0,92 пайызга көтөрүлгөн.
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Brent үлгүсүндөгү мунай затынын бир баррелинин баасы 26-февралдан тарта биринчи ирет 54 долларга көтөрүлдү. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады. 
Работа нефтяных станков - качалок - Sputnik Кыргызстан
Соодада кастык жок. АКШ Россиядан рекорддук көлөмдөгү мунай сатып алды
Баанын тез ыкчам өсүп кетишин Россия менен Суад Аравиясынын ОПЕК+ боюнча келечектеги келишим жаатында компромисске келди деген маалыматтар шарттаган. The Wall Street Journal басылмасынын жазганына караганда, өлкөлөр февраль айында макулдашуунун учурдагы шарттарын сактап калуу туурасында сүйлөшкөн. Андан сырткары, мунай затынын өндүрүү көлөмүн көбөйтпөө боюнча сөз бекитишкен эле.
Эске салсак, майдагы фьючерсте WTI үлгүсүндөгү мунайдын баасы 9 доллардан да түшүп кеткен эле.
Жаңылыктар түрмөгү
0