Климат, вакцина... 2021-жылы элдин тынчын алчу негизги 10 кооптуулук аталды

© Sputnik / Павел Бедняков / Медиабанкка өтүүЖаңы жылдык орнотууда медициналык маска кийген аял. Архив
Жаңы жылдык орнотууда медициналык маска кийген аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тизмеге Вашингтон менен Пекиндин ортосундагы мамиленин мындан ары да чыңалышы жана Германиянын канцлери Ангела Меркелдин кызматтан кетиши да кирген.
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Eurasia Group консалтингдик компаниясы өзүнүн божомолунда дүйнө жүзү 2021-жылы туш боло турган бир нече тобокелдиктин рейтингин жарыялады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Тизмеде биринчи сапты "бөлүнгөн Америка" ээлейт. Аналитиктер белгилегендей, Жо Байдендин бийликке келиши менен америкалыктардын теңи мамлекет башчыларын легитимсиз деп эсептеген доор келет.
Быйылкы жылдын экинчи негизги коркунучу — COVID-19 пандемиясы. Эксперттердин айтымында, эмдөөнүн фонунда коомдун бай жана кедей болуп бөлүнүшү күчөп, көптөгөн өлкөлөрдө башаламандык болушу мүмкүн.
Адистер үчүнчү сапка климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөштү жайгаштырган. Аналитиктердин айтымында, бул эл аралык атаандаштыкка алып келет.
Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс. Архив - Sputnik Кыргызстан
Билл Гейтс: пандемия деп жүрүп башка бир коркунучтуу ооруну унуттук
Eurasia Group компаниясынын версиясы боюнча, жылдын негизги тобокелдиктерине Вашингтон менен Пекиндин ортосундагы мамиленин мындан ары да чыңалышы, маалыматтарды эл аралык форматта өткөрүп берүүдөгү кыйынчылыктар, санарип мейкиндигинде глобалдык чыр-чатактын чыгышы, Түркиядагы экономикалык көйгөйлөр жана анын саясий кесепеттерин шарттоочу жагдайлар кирген.
Мындан тышкары, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө мунай заттын арзандашы менен экономиканын төмөндөшү, Германиянын канцлери Ангела Меркелдин кызматтан кетиши, ошондой эле Латын Америкасындагы айрым мамлекеттердин пандемия жана шайлоолорго байланыштуу саясий жана социалдык кризиске кептелиши глобалдык көйгөйгө айланышы ыктымал.
Жаңылыктар түрмөгү
0