Англияда катаал карантин жарыяланды. Кандай чектөөлөр кирди?

© REUTERS / PETER NICHOLLSЛондондогу Оксфорд көчөсүндө маска кийген аял. Архив
Лондондогу Оксфорд көчөсүндө маска кийген аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган аймактын тургундарына дарыгерге, дүкөнгө барууга жана көчөгө сейилдөө үчүн гана чыгууга уруксат берилген. Ал эми өнөкөт оорусу барлар үйдөн таптакыр чыкпашы керек.
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Британиянын премьер-министри Борис Жонсон коронавирус пандемиясынан улам Англияга үчүнчү ирет улуттук карантин киргизилип жатканын жар салды. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
"Вирустун жаңы түрү өтө тездик менен тарап жатат", — деген Жонсон теле аркылуу кайрылуусунда.
Анын айтымында, шейшембиден тарта Англиянын бардык мектептери аралыктан окуу режимине өттү. Бирок дарыгер, соцкызматкер, өрт өчүрүүчү, полиция, курьер, сатуучу жана башка элге кызмат кылган адистиктердин өкүлдөрүнүн балдары мектепке барып окуса болот.
Аталган аймактын тургундарына дарыгерге, дүкөнгө барууга жана көчөгө сейилдөө үчүн гана чыгууга уруксат берилген. Ал эми өнөкөт оорусу барларга үйдөн таптакыр чыкпоо сунушталды.
Ситуация в Малайзии из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Коронавирустун жаңы штаммы. Кыргызстандын медиктери эмне дейт?
Англияда ресторан, паб жана кафелер тамак-ашты үйлөргө жеткирип берүү үчүн гана иштей турганы айтылды. Мындан сырткары, сулуулук салондору, чачтарачкана жана азык-түлүктөн башка тиричиликке өтө зарыл болбогон нерселерди саткан дүкөндөр да жабылган.
Анткен менен Англияда өтө турчу футбол боюнча чемпионат токтотулбай турганы маалым болду.
Жонсон бул карантин былтыркы жылдын жаз мезгилиндегидей катуу боло турганын белгилеген.
"Эрежелерди азыртан баштап аткара баштагыла. Шаршембиде парламент чогулуп бул эрежелер мыйзам болуп калат", — деди премьер-министр.
Карантин Англияда канча убакытка чейин созулары белгисиз. Ал оорунун өсүү динамикасынан көз каранды экени айтылды. Жонсон февралдын ортосунда коронавируска каршы вакцинаны карылар үйүндө жашагандар, медиктер, улгайган адамдар жана өнөкөт оорусу барлар ала турганын кошумчалаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0