Баланы эрте жаткыруу анын кийинки жашоосуна кандай таасир этет. Адистин пикири

Жазылуу
Адистин айтымында, алты айынан тарта баланын уйкусу бир нормага түшө баштайт. Адатта бөбөк саат 20.00дөн тарта 21.00гө чейин уктоого даяр болуп, ата-энеге белги берет.
БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Баланын кийинки жашоосунда стресстер аз болушу үчүн алты айынан тарта уктоо режимин тууралап алуу керек. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине уйкуну жөнгө салуу боюнча адис Елена Мурадова билдирди.
Анын айтымында, бала кичине кезинде эрте уктап, эрте турушу керек. Бул нерсе анын келечектеги жашоосуна бир топ таасир этет.
"Алты айынан тарта баланын уйкусу бир нормага түшө баштайт. Адатта бөбөк саат 20.00дөн тарта 21.00гө чейин уктоого даяр болуп, ата-энеге белги берет. Муну убагында түшүнүп, ошол замат жаткырган энелерге кийин дагы жеңил болот. Анткени ал эрте жатып, эрте турат. Демек, бакчага же мектепке барганда баланы кыйнап, ыйлатып ойготуунун зарылдыгы жок болуп калат", — деди адис.
Бул нерсе бир гана баланын жашоосун жеңилдетпей, ата-энени дагы эртең мененки стресстен арылтат.
Ошондой эле адис эрте турган бала шашпай тамактанып, уйкусу ачылып, окууга дагы көңүлү куунак болорун кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0