Рекордду жаңылап... Биткоиндин баасы 30 миң доллардан ашты

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүБиткоин сувенирдик монеталар. Архив
Биткоин сувенирдик монеталар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек убактысы боюнча саат 19:00гө карата бир биткоиндин баасы 30 645 долларды түздү. Бир сутка ичинде криптовалютанын баасы 3 пайызга жогорулаган.
БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Дүйнөдөгү белгилүү криптовалюта биткоиндин курсу 30 миң доллардан ашты.
Бишкек убактысы боюнча саат 19:00гө карата бир биткоиндин баасы 30 645 долларды түздү. Маалыматтар Coinmarketcap басылмасынан алынды.
Бир сутка ичинде криптовалютанын баасы 3 пайызга жогорулаган.
30-декабрда биткоиндин курсу 29 миң долларга көтөрүлгөн.
Эске салсак, 2017-жылдын декабрында биткоин 19 666 доллар турчу. Ошондон баштап криптовалютанын баасы өсө баштаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0