2021-жылы адамзатты эмнелер күтөт? Нострадамустун айткандары

© AP Photo / Damian DovarganesМедицина кызматкери биологиялык коркунуч белгиси бар көчмө муздаткычты көтөрүп жүрөт. Архив
Медицина кызматкери биологиялык коркунуч белгиси бар көчмө муздаткычты көтөрүп жүрөт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Франциядан чыккан астролог, окумуштуу жана көз ачык алдын ала көргөндөрүн орто кылымда китепке сыйдырган. Маалым болгондой, ал өз эмгегине 3797-жылга чейинки окуяларды жазган.
БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Көз ачыктык кылган белгилүү окумуштуу Мишель де Нотрдам (Нострадамус) 2021-жылы Жердин ар кайсы бөлүгүндө бир нече кыйроолор боло турганын айткан.
Мындан сырткары, ал дүйнөдө "чоң согуш" чыга турганын, дүйнөлүк жаңы эра башталып, адамдарды зомбиге айланткан биологиялык курал пайда болорун божомолдогон.
Астрологдун алдын ала айткандарын New York Post басылмасы жарыялаган.
Франциядан чыккан астролог, окумуштуу жана көзү ачык алдын ала көргөндөрүн орто кылымда китепке сыйдырган. Маалым болгондой, ал өз эмгегине 3797-жылга чейинки окуяларды жазган. Көз ачыктын божомолунун баары "Мишель Нострадамустун алдын ала айтуусу" деген китепке уйкашкан төрт саптар (катрен) болуп жарыяланган.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус. Архив - Sputnik Кыргызстан
ДССУ: COVID-19дун пайда болгонуна бир жыл болду, бирок тоскоолдуктар алдыда
Белгилүү көз ачыктын божомолунда, 2021-жылы дүйнөгө климаттык өзгөрүү чоң коркунуч жаратат. Кеп жаан-чачындан келип чыккан сел, суу каптоо тууралуу болуп жатат.
Бул кыйроодон Түндүк Америка, Европа менен Азиянын түштүк бөлүгү көбүрөөк жабыркашы ыктымал. Мындан сырткары, Нострадамус кирип келген жылы Жерге олуттуу зыян алып келе турган магниттик бороон болорун эскерткен.
Астрологдун эмгегинде ушул жылы чоң согуш башталышы мүмкүн экендиги да жазылган. Ал согуш Чыгыштын мусулман өлкөлөрүнүн биринин христиан державасына болгон чабуулунан улам чыгышы ыктымал. Жыйынтыгында качкындар Европанын түндүк мамлекеттерине жана Россияга массалык түрдө агылышы ыктымал. Кайсы мамлекет дүйнөнү чоң согушка кептеши мүмкүн экендиги Нострадамустун эмгегинде так жазылган эмес.
Болгариялык белгилүү көзү ачык Ванга. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ванганын 2021-жылга карата жүрөк үшүн алган божомолу белгилүү болду
2021-жылга карата көзү ачыктын жазгандарынын арасында жаңы дүйнөлүк ишеним пайда болору да бар. Дал ушул жылы жаңы диндин баштапкы процесстери башталышы мүмкүн.
Астролог дүйнөдө жарым өлүк адамдар да пайда болорун божомолдогон. Башкача айтканда, философ Жер жүзүндө зомби апокалипсис баштала турганын жазган.
"Адамзаттын жашоосу бүтөрүнө ойлогондон да аз калышы ыктымал. Анткени кайсы бир окумуштуу адамдарды зомбиге айланткан биологиялык курал вирусту ойлоп табат", — деп айтылат көзү ачыктын эмгегинде.
Мындан сырткары, бул жылы Россиянын аймагынан өтө турчу жаңы соода жолу пайда болушу ыктымал. Ал Кытай менен Европанын экономикалык потенциалынын өнүгүшүнө себеп болот.
Бул акыркы жылдары сөз болуп жаткан Жаңы Жибек жолу болушу толук мүмкүн.
Жаңылыктар түрмөгү
0