Тактан кулатып... 2020-жылы дүйнөнү солк эттирген митингдердин видео, сүрөттөрү

© Sputnik / Акылбек БатырбековБеспорядки в Бишкеке после окончания парламентских выборов
Беспорядки в Бишкеке после окончания парламентских выборов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өтүп кеткен жыл дүйнө үчүн тынч болгон жок. COVID-19 илдети 1,7 миллиондон ашык адамдын жанын алса, бир нече мамлекетте нааразы болгон эл ажолордун тынчын алды.
2020-жылы дүйнө башынан бир топ сыноолорду өткөрдү. Бир жагынан мурда белгисиз вирус чыгып, экономиканы, медицинаны бүк түшүрсө, экинчи жагынан жетекчилердин саясатына нааразы болгон эл митингдерге чыгышты. Алардын арасынан Кыргызстан менен Мали өлкө башчыны тактан оодарып салды.
Sputnik Кыргызстан 2020-жылдары кандай ири нааразычылык акциялары болгонун жана алардын себептерин тизмектеп чыкты.

АКШ

Эң ири нааразычылык акциясы Америка Кошмо Штаттарында болду. Полиция тарабынан кармалган афроамерикалык Жорж Флойддун өлүмүнөн кийин массалык башаламандык башталган.  Интернетте полиция кызматкерлери анын колуна кишен салгандан кийин жыгып, үчөөлөп басып калган видео тараган. Бирөөсүнүн тизеси моюн жакка туш келген. Флойд бир нече жолу дем ала албай калганын айтып, андан кийин тынчып калганын көрүүгө болот. Эркек киши реанимацияда көз жумган.
Бир нече күн ичинде АКШнын аймагына тараган митингдер июнь айында 60тай мамлекеттин 2 миңден ашык шаарына кулач жайган. Ачык булактагы маалыматтарга караганда, АКШдагы митингдерге эле 15тен 26 миллионго чейин адам катышып, АКШ тарыхындагы эң ири нааразычылык акциясына айланган
Black Lives Matter (Афроамерикалыктардын өмүрү кымбат) кыймылынын алкагында полициянын басмырлоосуна жана расизмге каршы уюштурулган көпчүлүк акциялар тынчтык митинги катары өткөн. Бирок башаламандык, мародерлук болгон шаарлар дагы катталды. Июнь айынын башында 200дөн ашык калаага коменданттык саат киргизилип, Улуттук гвардия тартип орнотуу менен алектенген.
Расмий маалыматтарга караганда, бул митингдерде миңдеген киши жаракат алып, 20га жакын адам каза болгон. Флойддун өлүмүнө айыпталган полиция кызматкерлерине соттун өкүмү чыга элек.

Беларусь

Беларуста нааразычылык акциялары президенттик шайлоого даярдык менен чогуу башталган. 9-август күнү өткөн добуш берүүдө Александр Лукашенко атаандашы Светлана Тихановскаяны жеңген соң нааразы болгон эл митингге чыгып, ал массалык акцияга айланган.
Нааразылык акциясына чыккандар менен укук коргоо органдарынын ортосунда кагылышуу болуп, эки тараптан бир нече адам жабыр тарткан. 
© AP Photo / Sergei Grits 9-август күнү өткөн добуш берүүдө Александр Лукашенко атаандашы Светлана Тихановскаяны жеңген соң нааразы болгон эл митингге чыгып, ал массалык акцияга айланган
Акции протестов в Белорусии после выборов президента - Sputnik Кыргызстан
9-август күнү өткөн добуш берүүдө Александр Лукашенко атаандашы Светлана Тихановскаяны жеңген соң нааразы болгон эл митингге чыгып, ал массалык акцияга айланган
Кийинчерээк Европа биримдиги (ЕБ) Беларуста өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын жар салган. Ал эми Тихановская ушул күнгө чейин элдик толкундоолор тынчый электигин, болгону башка формага өткөнүн айтып келет.

Армения

Тоолуу Карабах боюнча үч тараптуу келишимге кол коюлгандан кийин Арменияда премьердин отставкасын талап кылган нааразычылык акциялары башталган. Мындан сырткары, 5-декабрда оппозиция премьер-министр Никол Пашинян жана анын командасына 8-декабрга чейин кызматтан кетүү талабын коюшкан
© Sputnik / Асатур Есаянц / Медиабанкка өтүүӨкмөткө каршы акцияга чыккан жарандар Еревандагы метронун кыймылын токтотушкан. Вагондун эшиктеринин ортосуна туруп алып, "Никол — чыккынчы" деп кыйкырышкан
Акция протеста оппозиции в Ереване - Sputnik Кыргызстан
Өкмөткө каршы акцияга чыккан жарандар Еревандагы метронун кыймылын токтотушкан. Вагондун эшиктеринин ортосуна туруп алып, "Никол — чыккынчы" деп кыйкырышкан
Атургай чогулгандар парламентке барып, төрага Арарат Мирзоянга кол салышкан.
Өкмөткө каршы акцияга чыккан жарандар Еревандагы метронун кыймылын токтотушкан. Вагондун эшиктеринин ортосуна туруп алып, "Никол — чыккынчы" деп кыйкырышкан. Митингдер ушул убакка чейин толугу менен тыйыла элек.

Кыргызстан

Кыргызстандагы митинг башкалардан айырмаланып бийликтин алмашуусуна алып келди. 4-октябрда парламенттик шайлоо өтүп, алдын ала жыйынтыгы менен 120 мандаттын 90дон ашыгы эки гана партияга тийген эле. Мындан улам утулган партиялар шайлоонун таза өткөнүнөн күмөн санап, 5-октябрда 8 партиянын башын бириктирген ири митинг "Ала-Тоо" аянтында башталды. 
© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандагы митинг: 4-октябрда парламенттик шайлоо өтүп, 120 мандаттын 90дон ашыгы эки гана партияга тийген эле. Мындан улам 5-октябрда 8 партиянын башын бириктирген ири митинг "Ала-Тоо" аянтында башталып, бийлик алмашкан
Митинг в Бишкеке после окончания парламентских выборов - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы митинг: 4-октябрда парламенттик шайлоо өтүп, 120 мандаттын 90дон ашыгы эки гана партияга тийген эле. Мындан улам 5-октябрда 8 партиянын башын бириктирген ири митинг "Ала-Тоо" аянтында башталып, бийлик алмашкан
Митингчилер 6-октябрга оогон түнкү саат 3:00дө Жогорку Кеңештин дарбазасын талкалап, Ак үйгө кирип барды. Болжолдуу маалыматтарга караганда, митингге үч-төрт миңге жакын адам чыккан, алардын ичинен бир жигит каза болгон. 
© Sputnik / Акылбек БатырбековТүн. Ак үйдү алган митингчилер. Асмандан тартылган видео
Түн. Ак үйдү алган митингчилер. Асмандан тартылган видео - Sputnik Кыргызстан
Түн. Ак үйдү алган митингчилер. Асмандан тартылган видео
Ал ортодо Алмазбек Атамбаев баш болгон абактагы саясатчылар боштондукка чыгып, митингге чыгууга дагы жетишти (кийин алардын көбү жаза аткаруу жайына кайтарылды — ред.) Абактан бошотулгандардын бири Садыр Жапаровдун тарапташтары анын бийликке келишин талап кылып, Сооронбай Жээнбеков өлкө башчылыктан кетүүгө аргасыз болду. 16-октябрь күнү парламент анын отставкасын расмий кабыл алды
© Sputnik / Жоомарт Ураимов / пресс-служба президента и правительства КРЖээнбеков бийликти кантип өткөрүп берди? Тарыхый окуянын ирмемдери
Жээнбеков бийликти кантип өткөрүп берди? Тарыхый окуянын ирмемдери - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков бийликти кантип өткөрүп берди? Тарыхый окуянын ирмемдери
Ошентип бийлик башына келген Жапаров учурда президенттикке расмий түрдө келем деген максатта шайлоого аттанды. Бүгүнкү күндө парламент төрагасынын жана өлкө президентинин милдетин Талант Мамытов аткарып жатат.

Мали

Аскердик козголоң чыккан Мали Республикасынын президенти Ибрагим Бубакар Кейт отставкага 19-август күнү кетип, парламентти таратарын жар салган. Бирок бул жыйынтыкка жетүү үчүн өлкө эли июнь айынан тарта нааразычылык акцияларына чыгып турушту. 
© MICHELE CATTANIАскердик козголоң чыккан Мали Республикасынын президенти Ибрагим Бубакар Кейт отставкага 19-август күнү кетип, парламентти таратарын жар салган. Эл президенттин өлкөдөн чыгып кетишин талап кылып, козголоң чыгарышкан
Акции протеста против правительства в Мали - Sputnik Кыргызстан
Аскердик козголоң чыккан Мали Республикасынын президенти Ибрагим Бубакар Кейт отставкага 19-август күнү кетип, парламентти таратарын жар салган. Эл президенттин өлкөдөн чыгып кетишин талап кылып, козголоң чыгарышкан
Аягында Малинин куралдуу күчтөрү президенттин өлкөдөн чыгып кетишин талап кылып, козголоң чыгарышкан. Президент мындай кадамга туруштук бере алган эмес.

Франция

Францияда ноябрь айында нааразычылык акциясы өттү. Акцияга жарандардан сырткары ЖМК өкүлдөрү, адвокаттар жана бир нече парламентарийлер катышкан. Алар глобалдык коопсуздук жөнүндөгү мыйзам долбоорго каршы митингге чыгышкан. Андагы пунктулардын бирине ылайык, дене-бойго жана психикалык жактан зыян келтирүү максатында полиция адамынын сүрөтүн же идентификациялоонун кайсы бир элементин жайылткандарга бир жыл абакта отуруу жана 45 миң евро айып пул салынат.
Тынчтык митингинде башаламандык жаралып, демонстранттар менен полиция кагыша кеткен.

Карантинге каршы митингдер

© RuptlyСотни людей в Риме требуют отставки правительства из-за коронавируса — видео
Сотни людей в Риме требуют отставки правительства из-за коронавируса — видео  - Sputnik Кыргызстан
Сотни людей в Риме требуют отставки правительства из-за коронавируса — видео
Мындай ири митингдерден тышкары Европанын, Африканын айрым мамлекеттеринде, АКШда, Бразилияда, Израилде карантиндик чектөөлөргө каршы митингдер өткөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0