Россиялык "Калибрлерге" америкалык жооп: жаңы "Томагавктын" жөндөмү

© AP Photo / Vadim GhirdaУчения США в Румынии
Учения США в Румынии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ыраагыраак учат, катуураак сокку урат, каршылыктарды тоготпойт — америкалыктар Tomahawk — Block V канаттуу ракетасынын жаңы модификациясын сынады. Гаваи аралдарынан анча алыс эмес жерде Chafee эсминеци деңиз полигонундагы буталарын аткылаган.

АКШнын Аскердик-деңиз күчтөрү кыскача эле баары ийгиликтүү өткөнүн кабарлап коюшту. Block V боюнча эмне белгилүү, алардын жанында россиялык "Калибрлер" кандай көрүнөрү тууралуу Андрей Коцтун РИА Новости сайтына жарыяланган макаласынан окуңуздар. 

Эки вариант

Block V ракетасынын иштелип чыгышы боюнча Пентагондогулар Кытайдын аскердик-деңиз дараметин күчтөндүрүүнүн ыкчам ыргагы менен актанат. КЭР чындап эле суудагы ири кемелерди жана суу түбүндөгү кайыктарды өтө тездик менен куруп, алардын куралданышы жана борттук тутумдарын кызуу өрчүтүп келет. Америкалыктар Дүйнөлүк океандагы артыкчылыгынан ажырап калуудан чочулашат. Эксперттердин баасында Кытай 2035-жылы 420 вымпелге жеткирет.

Ми-28Н тик учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сириядан Кавказга карай: россиялык Ми-28НМ жана Ми-26Т2В тик учактары сыналууда
Пентагон да кемеге каршы куралданууга буюртмасын көбөйттү. 2025-жылга дейре ыраак аралыктан суудагы ири буталарын кыйратууга жөндөмдүү 850 ракетаны сатып алууну пландоодо. Буга чейин америкалык моряктардын арсеналында 1970-жылы жасалган "Гарпундар" гана болгон. Алар 280 чакырым аралыктан аткылай алат. Бирок 2018-жылы Аскердик-деңиз күчтөрү 900 чакырым аралыктан деңиздеги буталарын жок кыла алчу AGM-158C LRASM үндөн ыкчам ракетасын алышкан. Ошентсе да, жаңы курал сериялык өндүрүшкө берилген эмес. Ошол себептен LRASM өндүрүшү менен катар Пентагондо мурдагы үнгө чейинки "Томагавкка" кемеге каршы коргонуу жөндөмдөрүн кайтарууну чечишкен. 1990-жылдардын ортосунда Block II варианты кабыл алынганда бул ракета ал мүмкүнчүлүктөрдөн ажыратылган. Block V вариантына төртүнчү муундагы "Томагавктардын" бардык мүмкүнчүлүктөрүн жаратуу пландалууда.

Биринчи версиясы Block Va деп белгиленип, суудагы буталарга каршы кемелер жана суу түбүндөгү кайыктар менен колдонулат. Бул вариантты MST (Maritime Strike Tomahawk —"Томагавк" деңиздеги сокку уруучу) деп аташты. Адистердин пикиринде, ал өзү мээлөөчүнүн активдүү жана пассивдүү радиолокациялык жана тепловизиондук каналдарын айкалыштырат. Ошондой эле маалыматтарды иштеп чыгуунун кубаттуу процессору жана инерциялык мээлөөнүн жаңы блогу менен жабдылат. Бул "Томагавк" 1600 чакырымга чейинки аралыктан суудагы ири кыймылдуу буталарды кыйрата алат.

Block Vb варианты да бар. Бул – жер үстүндөгү буталарга сокку уруучу "классикалык" "Томагавктар". Анын тешип өтүүчү учу бар кумулятивдик кубаттагычы айкалышкан жаңы Joint Multiple Effects Warhead System (JMEWS) курал бөлүгү бар.

Жардыргычы — программаланган, көп буталуу, ок-дары бөлүгүн абада жардыра алат. Бул ракета бекитилген жер төлөдөгү бункерлер да, кадимки аскердик объектилерге да багытталат.

Беш себеп

Defense News интернет порталынын адистери эмнеликтен "Томагавктар" бүгүн да – үндөн ыкчам жана гипер үндүү куралдар кылымында да актуалдуу экенин түшүндүрүшөт. Биринчиден, Block V мурдагы варианттарынан алда канча таамай, ал эми аралыгы боюнча Азиялык-Тынч океан аймагында кытайлык DF-26 жана DF-21 ракеталарына туруштук бере алат. Экинчиден, модификацияланган "Томагавк" радиоактивдүү күрөш каражаттарына корголгон, анча байкалгыч технологияны пайдалануу менен жасашкан. Бул анын бышыктыгын кыйла арттырат.

Үчүнчүдөн, ракеталардын үнгө чейинки ылдамдыгы ыкчам атаандашка караганда артыкчылык берет. Бешинчи версиядагы "Томагавк" күйүүчү майды чыгымдоодо сарамжалдуу, анын натыйжалуу аракетинин ыраактыгы да алда канча жогору. Төртүнчүдөн, бул ракета салыштырмалуу арзан.

Россиянын Су-35С истребители. Архив - Sputnik Кыргызстан
Россия менен Кытайдын бомбалоочу учактары Тынч океанды эмнеге айланды?
Block Vнин бир жолку атылышы салык төлөөчүлөрдүн миллион долларын сарптаса, "кеме – аба" тибиндеги SM-6 үндөн ыкчам ракетасы төрт эсе кымбат. Анан да Block V көлөмү боюнча мурдагы версияларынан айырмаланбайт. Бул анын мурдагы Mk41 вертикалдык атуу орнотмолорун колдонууга мүмкүндүк берет. Ушундайлар менен "Арли Берк" эсминецтери жана "Тикондерога" крейсерлери жабдылган. Мындан тышкары, бул ракеталардын жасалышын эч кандай өзгөртпөстөн "Лос-Анджелес", айрым "Огайо", "Виржиния" жана "Сивулф" тибиндеги суу түбүндөгү атомдук кайыктар кое бере алышат. Tomahawk Block V эки вариантта тең сериялык өндүрүшкө 2023-жылы берилиши күтүлүүдө.

Негизги атаандаш

Америкалык "Томагавктарга" окшошураак деп Россияда алгач ирет 2015-жылдын күзүндө согуштук шарттарда сыналган канаттуу "Калибр" ракеталары саналат. Аскердик-деңиз күчтөрүнүн кемелери бир эле убакта Сирияда террорчулардын 26 объектисин жаңы курал менен чабуул коюп, дээрлик бардыгын ийгиликтүү кыйрата алган.

Мындай ракеталар менен 22350 жана 11356 долбоорлорунун фрегаттары, 20385 долбоорунун корветтери, 21631 жана 22800 долбоорлорунун чакан ракеталык кемелери, ошондой эле 885, 636.3, 677, 971 жана 877 долбоорлорунун суу түбүндөгү кайыктары жабдылган. Жакынкы келечекте совет убагындагы курулган вымпелдердин бир бөлүгүн "Калибр" үчүн кайра жабдышат.

Циркон гипер үндүү ракетасын сыноо. Архив - Sputnik Кыргызстан
РФтин аскердик-деңиз тармагындагы жыл жыйынтыгы: "Циркон" жана 40 кеме
"Калибр" тобундагы ракеталардын так өзгөчөлүктөрү белгисиз. Бирок РФ президенти Владимир Путин 2017-жылдын 19-октябрында "Валдай" клубунда сүйлөгөн сөзүндө деңизде жайгаштырылчу ракетанын суунун үстүндөгү бутасына чейинки учуш аралыгы 1400 чакырымды түзөрүн белгилеген. Бул жаңы "Томагавктарга" чамалайт.

Жер бетиндеги объектилерди атуу үчүн аралык эки чакырымдан 2600 чакырымга чейин. Бирок бул дагы жеткен чеги эмес. 2018-жылдын январында айрым маалымат каражаттары Коргоо министрлигинин булактарына таянуу менен Россияда кемеге жайгаштырылчу заманбапташтырылган "Калибр-М" ракетасы жасалып жатканын маалымдашкан. Анын атууда эң жогорку аралыгы 4,5 миң чакырымдан ашуун. Жаңы ракета мурдагыларынан көлөмдүү, ал эми ок-дары бөлүгүнүн салмагы тоннага чукулдай турганын белгилешет.

Ракета кадимки да, өзөктүк да учактарды ташый алат.

Алынган маалыматтарга караганда, "Калибр-М" тактикалык-техникалык мүнөздөмөлөрү боюнча америкалык жаңы "Томагавктардан" ашып түшөт. Бирок америкалыктардыкына салыштырмалуу айныгыс артыкчылыгы — ташуучу канаттуу ракеталардын санында.

Кошмо Штаттардын Аскердик-деңиз күчтөрүнүн жүздөн ашуун суу бетиндеги жана суу түбүндөгү вымпелдери бар. Алар таамай атчу куралдар менен көп куралданган.

Россиянын мындай кемелеринин саны бүгүнкү күндө 20дан ашат.

Жаңылыктар түрмөгү
0