09:21 26 Үчтүн айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7911
  • EUR103.2162
  • RUB1.1327
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
21620

Түркия 28-декабрдан тарта учак менен, 30-декабрдан тартып жер үстүндөгү транспорт менен келген ар бир жүргүнчүгө талаптарды күчөткөн.

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. 30-декабрдан тарта Түркиянын аймагына кирген бардык чет элдиктер коронавирус боюнча маалым катты жаңы талаптарга ылайык даярдашы керек. Бул тууралуу Россиянын Туроператорлор ассоциациясына шилтеме берип РИА Новости жазды. 

Эске салсак, Түркия 28-декабрдан тарта учак менен, 30-декабрдан тартып жер үстүндөгү транспорт менен келген ар бир жүргүнчүгө талаптарды күчөткөн. Чаралар 2021-жылдын 1-мартына чейин күчүндө болорун өлкөнүн саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа Twitter баракчасына жазган.

Эми чет элдик кишинин COVID-19 илдети жок экенин тастыктаган маалым каты англис тилинде болушу керек.

"Ошондой эле анализ ПЦР ыкмасы менен жүргүзүлүшү зарыл. Экспресс-тест же антителону аныктоо боюнча тесттердин жыйынтыгы жарабайт. Маалым кат электрондук түрдө же кагазда көрсөтүлөт", — деп айтылат билдирүүдө.

Эгер электрондук түрдө маалым кат болсо лабораториянын QR-коду, ал эми кагазда болсо дарыгердин колу жана мөөр басылышы керек.

Маалым каты туура эмес даярдалган жаран учакка отургузулбашы керектиги белгиленди.

Баса, бул документ Түркия аркылуу башка жакка учуп бара жаткан адамдардан дагы талап кылынат.

Тема боюнча

КР тикмечилерине Россияга товар алып кирүүдө жаңы талап коюлду
Белгилер:
маалымкат, талап, коронавирус, Түркия

ЭҢ МААНИЛҮҮ