Жакынкы жылдары кайсы адистер керек болбой калары айтылды

© AFP / MENAHEM KAHANAОфис кызматкерлери. Архив
Офис кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Пандемия адам баласынын жашоосуна көптөгөн өзгөртүүлөрдү киргизип, жадагалса айрым адистиктердин керектен чыгышына себеп болууда.

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Жакынкы он жыл ичинде дүйнөдө бухгалтер, таксист, алыска жүк ташуучу автоунаалардын айдоочусу жана чет тил мугалимдерине суроо-талап азаят. Бул тууралуу SuperJob сервисинин жетекчиси Алексей Захаров RT телеканалына билдирди.

Киши офисте. Архив - Sputnik Кыргызстан
COVID-19га иммунитетиң болбосо иш таппайсың. Эмгек рыногундагы жаңы талап
Анын айтымында, пандемия көпчүлүк ишканалардын финансылык документтерин толугу менен электрондук форматка өткөрүүгө мажбур кылгандыктан, мурдагыдай бир нече бухгалтердин зарылдыгы болбой калат.

Ошондой эле ири шаарларда товарды кардарга жеткирүү боюнча учкучу жок учуучу аппараттарды колдонуу акырындык менен башталып келе жаткандыктан, бул жаатта таксилердин кызматы зарыл болбой калары айтылды.

"Жакынкы жылдары алыска жүк ташуучу автоунаалардын дагы айдоочулары жумушсуз калышы мүмкүн. Анткени көптөгөн машина өндүрүүчү компаниялар айдоочусу жок автоунааларды чыгаруу боюнча план түзө баштады", — деди адис.

Ал эми чет тилдерин билген адамдарды электрондук котормочулар алмаштырып жатканы кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0