ДССУ башчысы дүйнөдө дагы пандемиялар болорун божомолдоп, үч кеңеш берди

© REUTERS / UMIT BEKTASСитуация в Турции из-за вспышки коронавируса
Ситуация в Турции из-за вспышки коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тедрос Адханом Гебрейесус болуп өткөн окуялардан сабак алып, инвестицияларды ушундай окуяларды алдын алып, жок кылууга жумшоо керектигин айткан.

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус коронавирус пандемиясы акыркы эмес экенин айтып, дүйнөдө дагы бир нечеси болушу мүмкүн экенин божомолдогонун РИА Новости жазды. 

Жаңы пандемия тууралуу Гебрейесус эпидемияга каршы даярдык боюнча эл аралык күнүнө карата видеокайрылуусунда айткан. Видео Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Youtube каналына жарыяланган.

"Тарых азыркы пандемия акыркы эмес экенин, эпидемия жашоодогу реалдуулук экенин көрсөттү", — деди Гебрейесус.

Буга байланыштуу ал болуп өткөн окуялардан сабак алып, инвестицияларды ушундай учурлардын алдын алып, жок кылууга жумшоо керектигин айткан. Ошондой эле медициналык жардамды өнүктүрүү зарылдыгына токтолгон.

Сеулдун көчөсүндө бараткан улгайган аял - Sputnik Кыргызстан
COVID-19дун жаңы штаммы Түштүк Кореядан табылды
Гебрейесус кийинки пандемияларда коомго жана экономикага терс таасирди азайтуу үчүн үч кеңешин берген.

Анын айтымында, биринчи кезекте өлкөлөр каражатты өзгөчө кырдаалды мониторинг кылган программаларга чогултушу керек. Экинчиден, саламаттык сактоо, өкмөт жана коом системасын координациялоо зарыл. Ошондой эле ДССУ пандемия дүйнөдө жаныбарлар менен адамдардын ден соолугу ортосундагы байланышты "жылаңачтап" салганына көңүл бурууга чакырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0