Британиялык окумуштуулар коронавирустун жаңы 5 белгисин аныкташты

© REUTERS / SIMON DAWSONАйдоочуну коронавируска текшерип жаткан медицина кызматкерлери. Архив
Айдоочуну коронавируска текшерип жаткан медицина кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жакында эле Британия бийлиги коронавирустун жаңы штаммы аныкталганын жар салган. Анын биринчиге салыштырмалуу тез тарай турганы айтылды.

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Улуу Британиядагы окумуштуулар коронавирустун жаңы белгилерин аныкташты. Бул тууралуу Daily Express маалымдады.

Ага ылайык, изилдөөнү аталган мамлекеттин Ооруларды алдын алуу жана көзөмөл борбору жүргүзгөн.

"Коронавирус жуктурган учурда дем алуу кыйындап, көкүрөк кысылып оорутат. Акыл-эс бир ордунда болбой, адам кыйналып ойгонуп, бети, оозу көгөрүшү мүмкүн. Булардын баары вирустун жаңы белгилери", — деп жазылат маалыматта.

Дарыкананын ишкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар коронавирустун тарашынын ойго келбеген жолун аныкташты
Адистер бул белгилер байкалган учурда дарыгерге көрүнүү керектигин эскертишти.

COVID-19дун негизги белгилерине дене табынын жогорулашы, жөтөл, даам жана жыт сезбей калуу кирет.

Эскерте кетсек, жакында эле Улуу Британиянын бийлиги коронавирустун жаңы штаммы аныкталганын жар салган. Ал биринчиге салыштырмалуу тез тарайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0