Түркия өлкөгө кирүү талаптарын күчөттү

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүСтамбул аэропортундагы учактар. Архив
Стамбул аэропортундагы учактар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чаралар 2021-жылдын 1-мартына чейин күчүндө болорун өлкөнүн саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа Twitter баракчасына жазган.

БИШКЕК, 27-дек. – Sputnik. Түркия өлкөгө кирүү талаптарын күчөттү. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Ооруканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
COVID статистикасы: 191 киши вирус жугузуп, төрт бейтап каза болду
Маалыматка караганда, 28-декабрдан тарта учак менен, 30-декабрдан тартып жер үстүндөгү транспорт менен келген ар бир жүргүнчү акыркы 72 сааттын ичинде COVID-19 үчүн терс ПЦР-тестин тапшырышы керек. Чаралар 2021-жылдын 1-мартына чейин күчүндө болорун өлкөнүн саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа Twitter баракчасына жазган.

Пандемия башталгандан бери Түркияда эки миллиондон ашуун адам коронавируска чалдыгып, 19 миңден ашык киши каза болгон.

Учурда өлкөдө коменданттык саат иштеп, Жаңы жылды майрамдоого тыюу салынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0