Британиялык киши сейилдеп жүрүп 1,1 млн. долларлык кенч таап алды

© AFP / MENAHEM KAHANAАлтын тыйындар. Архив
Алтын тыйындар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Идиштин ичинен миңден көп тыйын табылган. Маалым болгондой, ал тыйындар биздин эрага чейинки 40-50-жылдарга таандык болушу ыктымал.

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Улуу Британия тургуну сейилдеп жүрүп баасы 800 фунт стерлинг (1,1 миллион доллар) болгон кенч таап алды. Бул тууралуу The Daily Mail басылмасы жазды.

Соода борборуна кардарлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Акча кандай учурда адамга бакыт тартуулайт. Психологдун пикири
Маалыматка караганда, эркек киши эки жакты карап, сейилдеп жүрүп баткактын арасынан жалтыраган өзгөчө бир нерсе таап алган. Үйүнө барып аны текшерген учурда ал байыркы кумара болуп чыккан. Идиштин ичинен миңден көп тыйын табылган. Ал тыйындар биздин эрага чейинки 40-50-жылдарга таандык болушу ыктымал экендиги айтылды. Учурда эксперттер кенчти текшерип жатышат.

Басылма жазгандай, табылган кенчтин баасы 800 миң фунт стерлинг турат. Адистер аны баалаган соң табылганын ээси тыйындарды музейге сатып же өзү каалагандай бөлүштүрүп алса болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0