Шылтоого жамынып... АКШ "россиялык агрессияны" жар салууда эмнени жашырат?

© Министерство обороны РФ / Медиабанкка өтүүРакета сыноо. Архив
Ракета сыноо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спутниктик топторду жок кылуу, ракетага каршы коргонуу тутумдарын кыйратуу жана космостон Жерге сокку уруу... АКШ кайрадан Россияны Жердин тегерегиндеги мейкиндикти максаттуу түрдө аскерлештирүүгө айыптоодо.

Пентагондогулар жакында эле Москва тарабынан сыналган ракетага каршы система өзөктүк куралдарды колго түшүрүүгө эмес, спутниктерди кыйратууга багытталганын мисал келтиришет. Ошол эле учурда америкалыктар өздөрү иштеп чыгып жаткан орбиталык куралдары туурасында ооз ачышпайт. Батыштын "жылдыздуу согушту" тутандырууга камылгасы тууралуу Николай Протопопов ой толгогон.

Коргонуу тутуму

АКШнын Космостук командачылыгынын аскер кызматкерлерин азыр расмий түрдө "сакчылар" деп коюшат. Алар Россиядагы спутникке каршы ракеталарды сыноо жөнүндө улам кабарлап турушат. Соңку ирет АКШнын Коргоо министрлиги ушундай маалыматтарды апрелде беришкен. Вашингтон "спутник менен иштеген" россиялык системанын сегиз ирет сыналганын маалымдаган.

Америкалыктар ракетага каршы жана космоско каршы коргонуучу А-235 "Нудоль" тутумун айтып жатканы шексиз, бул системага Пентагондо PL-19 индексин беришкен. Бул – Россиялык аскердик-өндүрүштүк комплекстин эң купуя иштелмелеринин бири.

Су-57 истребители. Архив - Sputnik Кыргызстан
Алтынчы муунга карай. Су-57 дүйнөнү багындырууда
"Нудоль" Москваны жана Борбордук өнөр жай районун калкалап турган А-135 "Амур" ракетага каршы коргонуу системасынын ордун басары болжонууда. Ракетага каршы жаңы системаны сыноо иштери 2014-жылы Плесецк полигонунда башталган.

А-235 үчүн негизги буталар — континенттер аралык баллистикалык ракеталарга чабуул коюучулар. Бир жарым миң чакырым аралыктан аракет эте алат. Колго түшүрүүчүлөрдүн ылдамдыгы он Махка чейин жетет. "Нудоль" куралдары космостук багыттагы ракеталар катарында. Ушул жагы Россияны космосту милитаризациялоого айыптоого шылтоо болду өңдөнөт.

АКШ түз колго түшүрүүчү спутникке каршы ракета деп атаган PL-19 коммуникациялык спутниктерге, орбиталык фото тартуу аппараттары жана башка космостук объектилерге багытталган. Америкалык аскерлердин пикиринде, бул алардын жердин тегерегиндеги орбитадагы мүмкүнчүлүктөрүн катуу чектейт.

Аскерий серепчи Алексей Леонковдун айтымында, АКШ ракетага каршы бул системадан улам көңүлдөрү тынч эмес, анткени анын башкы бөлүгүнүн аракеттеринин принцибин толук түшүнө беришпейт.

"Алар А-135тин мурдагы тутуму өзөктүк курал болгонунан кабардар, аны менен баллистикалык ракеталардын массалык чабуулун чагылдырууга мүмкүн эле, — деп түшүндүрөт Леонков. — "Нудоль" — ага караганда заманбап, 1600 чакырым бийиктиктен сокку урат. Биз анын аскердик бөлүгүн ачыктаган жокпуз, ошондуктан америкалыктар аны термоөзөктүк дешүүдө. Мен андай эмес дебейм, АКШнын глобалдык соккусунун концепциясы массалык ракеталарды колдонууну боолголойт. Ага каршы өзөктүк куралдуу системалардын болушу зарыл".

Глобалдык түйүн

Америкалыктар Россия тарапка кине тагуу менен орбитадагы согуштук аракеттерге өздөрү кызуу даярдык көрүүдө. Москва менен Пекин сунуштаган космостук мейкиндиктеги куралданууну көзөмөлдөө боюнча эл аралык сүйлөшүү процессине алар бардык жагынан тегин жерден бөгөт болуп жатышкан жок.

АКШнын жаңы санкциялары. Россия буга кандай жооп кайтарды - Sputnik Кыргызстан
АКШнын жаңы санкциялары. Россия буга кандай жооп кайтарды
"Россия менен Кытай тараптан жаралган коркунучтарга жооп" деген шылтоо менен Пентагон "Космосто коргонуу стратегиясын" иштеп чыккан. Негизги ой – душмандан озуп стратегиялык артыкчылык алуу үчүн жердин тегерегиндеги орбитаны кармап алып, көзөмөлдөө. Стратегиянын авторлорунун пикиринде, бул согуштук операцияларды пландоо жана өткөрүүдө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Азырынча америкалыктардын орбитадагы негизги куралдары — спутниктер. Акыркы жылдары Пентагондогулар буга чоң көңүл бөлүп, коргонуучу да, чабуул коюучу да космостук аппараттарды активдүү иштеп чыгууда. Космоско америкалыктар күчтөрдү башкаруу, байланыш жана чалгындоонун негизги каражаттарын жайгаштырганы белгилүү. Кеминде эле орбитада алардын миңге чукул аппараты турат.

Мындан сырткары, жакынкы келечекте АКШ өндүрүшкө жана космоско чакан арзан спутниктерди коюуну ойлоп жүрүшөт. Мисалы, DARPA Blackjack келечектүү изилдөөлөр агенттигинин программасында айтылат. Анын алкагында орбитага бир түйүнгө туташтырылган майда габариттик жүздөгөн аппараттарды чыгаруу боолголонот.

Пентагон аларды ракетага каршы коргонуу тутумунда, ошондой эле кең тилкелүү байланыш же навигацияда пайдаланышы мүмкүн. Орбитада узакка кала ала турган X-37B кичи-шаттлдын багыты толук анык эмес.

Соңку сынамык учушунда аппарат космосто эки жылдан ашуун болгон. Айрым адистер X-37В планетанын белгилүү бир бурчуна кое берүүгө боло турган майда габариттик чалгындоочу спутникти алып жүрүүчү экенин белгилешет. Кай бирлери шаттл менен аскердик космостук колго түшүрүүчүлөрдүн технологиялары иштелип жатканын айтышат.

Космостон сокку

"Космосто Россия менен Кытайдын агрессиясына каршы" деген шылтоого жамынып Пентагон Жердин үстүнө чыныгы сокку уруучу курал жайгаштырар күн алыс эмес экени айдан ачык.

Циркон гипер үндүү ракетасын сыноо. Архив - Sputnik Кыргызстан
РФтин аскердик-деңиз тармагындагы жыл жыйынтыгы: "Циркон" жана 40 кеме
Спутникке каршы каражаттарды ийгиликтүү сыноолору да муну тастыктайт. 1980-жылдардын ортосунда эле F-15 истребителинен атылган ASM-135 ASAT ракетасы 555 чакырым бийиктиктен Solwind илимий спутнигин атып түшүргөн. Ал эми 2008-жылы ракетага каршы деңиздеги SM-3 250 чакырым бийиктиктен USA-193 аскердик спутнигин жок кылган.

Леонков белгилегендей, соңку жылдары америкалыктар космостук куралдардын негизги эки: кинетикалык жана энергетикалык түрү менен алек. Биринчиси баллистикалык жана гипер үндүү ракеталарды кыйратууга багытталган. Мисалы, чакан колго түшүргүч каражаттарды ташуучу Multiple Kill Vehicle. Анын бортуна алтыдан 20 спутникке чейин курал жайгаштырылат.

"Ал баллистикалык ракеталардын стартын аныктаганда жасалма интеллект чабуул коюу боюнча өз алдынча чечим кабыл алат. Колго түшүргүчтөр ишти баштап, буталарын жок кылууга киришет. Мындан сырткары, тийиштүү түзөтүүлөрдө бул курал жердеги объектилерге да сокку ура алат", — деп тактайт эксперт.

Энергетикалык курал туурасында айтсак, америкалык инженерлер сегиз мегаваттык кубаттуулуктагы космостук химиялык лазер боюнча Space-based Lazer программасынын алкагында кызуу иш алып барып келишет. Андай аянтчалардан космосто жыйырма чакты жайгаштыруу пландалган. Лазерлер баллистикалык жана гипер үндүү ракеталарды кармайт, бирок күн ачык маалда жакшы аба шарттарында жердеги стационардык объектилерди жок кыла алышары боолголонот.

Жаңылыктар түрмөгү
0