COVID-19дун кетчү түрү жок. Африкада вирустун дагы бир жаңы штаммы пайда болду

© AFP / PIUS UTOMI EKPEIАялдын температурасын текшерип жаткан күзөт кызматкери, Лагос, Нигерия. Архив
Аялдын температурасын текшерип жаткан күзөт кызматкери, Лагос, Нигерия. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) Нидерланддар, Дания, Австралия жана Улуу Британияда коронавирустун жаңы штаммы пайда болгонун айткан.

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Коронавирустун дагы бир жаңы штаммы Нигерияда табылды. Бул тууралуу Африкадагы ооруларды алдын алуу борборунун жетекчиси Жон Нкенгасонгго шилтеме берип "Известия" жазды.

"Азырынча бир нерсе айтуу кыйын. Бирок биз Африкадагы алдыңкы тажрыйба борбору менен биригип жасаган изилдөөбүздө коронавирустун дагы бир мутациясын таптык. Бирок аны тереңдеп изилдеп көрүү керек. Бул штамм Улуу Британиядагы штаммдай тез тарарын же тарабасын айта албайбыз", — деди Нкенгасонг.

Эске салсак, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) Нидерланддар, Дания, Австралия жана Улуу Британияда коронавирустун жаңы штаммы пайда болгонун айткан. Кийин анын жугуштуулугу 70 пайызга жогору экени, мурдагыдан айырмаланып балдарды көп жабыркатары белгилүү болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0