Бразилия чемпионатынын финалында футболчулар массалык мушташ чыгарышты. Видео

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүИгроки во время футбольного матча. Архивное фото
Игроки во время футбольного матча. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жөөлөшүп кетишкен эки футболчунун ортосунда чыккан чырга командалаштар да аралашып, ал массалык мушташка айланган.

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Бразилияда 17 жашка чейинки футболчулардын арасындагы чемпионаттын финалында "Атлетико Паранаэнсе" жана "Флуминенсе" командаларынын беттешинде массалык мушташ чыкты. Бул тууралуу Р-Спорт жазып, окуянын видеосун жарыялады.

​Экинчи бөлүктүн соңку мүнөттөрүндө жөөлөшүп кетишкен эки футболчунун ортосунда чыр чыгып, бири-бирине кол көтөргөн. Чырга заматта алардын командалаштары жана алмашууда отурган оюнчулар да аралашып, массалык мушташка айланган.

​Мушташкан футболчуларды эки команданын жетекчилери жана матчтын расмий адамдары кийлигишип токтотушкан.

Беттеш 2:1 эсебинде "Флуминенсе" командасынын жеңиши менен аяктаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0