Диего Марадонанын сөөгү эксгумацияланып мавзолейге коюлушу мүмкүн

© REUTERS / Martin Villar Диего Марадонанын жазуусу бар футболкачан киши. Архив
Диего Марадонанын жазуусу бар футболкачан киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маркум футболчу бул тууралуу өлөр алдында адвокатына айткан, мындан сырткары, ушундай керээз калтырганы белгиленет.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Футбол боюнча 1986-жылдагы дүйнө чемпиону Диего Марадонанын сөөгү эксгумацияланып, атайын курулган мавзолейге коюлушу мүмкүн. Бул тууралуу The Sun билдиргенин Р-Спорт жазды.

Диего Марадона ноябрда 60 жаш курагында каза болгон.

Маалыматка ылайык, маркум футболчу бул тууралуу өлөр алдында адвокатына айтып, каалоосу тууралуу кат дагы таштап кеткен.

"Көп ойлонуп, көзүм өткөндөн кийин менин сөөгүм бальзамдалып, музейге коюлуп, уткан трофейлеримдин жана жеке буюмдарымдын арасында турса экен деген тилегимди айткым келет", — деп жазылган футболчунун катында.

Мавзолей куруу боюнча маалыматты легендарлуу футболчунун жарандык жубайы да тастыктап, бул идеяны маркумдун балдары да колдоорун айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0