Ашкабактын пайдалуу жактары жана кайсы ооруларга даба экени айтылды

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүАшкабак. Архив
Ашкабак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул жашылчанын курамында темир, цинк, фосфор жана жез көп экенин адис айткан. Анын айтымында, бул заттар ич катып калган учурда ичегинин жакшы иштөөсүнө жардам берет.

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Ашкабак ден соолукка эң пайдалуу жашылча. Анын курамындагы биологиялык активдүү заттар организмден жаман холестеринди бөлүп чыгарууга жардам берип, жүрөктүн тынымсыз иштеп туруусун жакшыртат. Бул тууралуу диетолог Светлана Фустун айтымына таянып РИА Новости кабарлады.

Адистин айтымында, ашкабак көздүн көрүүсүн жакшыртып, рак клеткаларынын өсүшүнө жолтоо боло алат.

"Ашкабактын сары жана сары-кызгылт түстөгү түрүндө сабиздики сыяктуу бета-каротин көп. Ал организмде А витаминине айланганда көрүү, иммундук реакция бекемделет. Ошондой эле витамин организмди айланадагы агрессиядан сактай турчу табигый антиоксидант болуп саналат. Эң негизгиси — клеткалардын залалдуу шишикке айланып кетүүсүнө тоскоолдук жарата алат", — деген медик.

Мындан тышкары, аталган жашылчада темир, цинк, фосфор жана жез көп экенин адис кошумчалаган. Анын айтымында, бул заттар ич катып калган учурда ичегинин жакшы иштөөсүнө жардам берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0