Ирандык "Анжелина Жоли" абактан чыкты

© AFP / PETER STEFFEN / DPAМусулман аял. Архив
Мусулман аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖМКлар Фатима америкалык актриса Анжелина Жолиге окшошом деп бетине 50 жолу пластикалык операция жасатып, 40 килограммга чейин арыктаганын жазган.

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Ирандын Instagram жылдызы Фатима Хишвандды абактан бошотушту. Бул тууралуу Mirror басылмасына таянып РИА Новости билдирди.

Эске салсак, ал социалдык тармакка атайын программа аркылуу ырайы бузулган сүрөтүн жүктөгөнү үчүн 10 жылга абакка кесилген.

​2019-жылы октябрда Иран полициясы Instagram тармагында атагы чыккан Хишвандды дагы үч аял менен кармаган. Фатима Кудайга акаарат келтирген, зордук-зомбулукка үндөгөн, жаштарды коррупцияга чакырган деп айыпталган.

Борьба с проституцией в Бразилии - Sputnik Кыргызстан
Кудум эле Барби! 135 миң долларга сырткы келбетин өзгөрткөн кыздын сүрөтү
Ага чейин ЖМКлар Фатима америкалык актриса Анжелина Жолиге окшошом деп бетине 50 жолу пластикалык операция жасатып, 40 килограммга чейин арыктаганын жазган. Бирок ал мындай өң-келбетти макияж жана фотошоптун жардамы менен жасаганын айткан. Былтыр ирандык кыз эч качан Анжелина Жолиге окшошууга аракет кылбаганын билдирген.

Маалым болгондой, Фатима абакта көп күн жаткан эмес. Анын үй-бүлөсү кызын күрөө төлөп чыгарып кетишкен.

Башында сот органы аны абактан бошотуудан баш тарткан, бирок ушундай эле айып тагылып, эркинен ажыратылган башкалар күрөө төлөп чыгып кетишкен.

Фатима учурда Тегеранга үй-бүлөсүнө кайтканы кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0