"Тозоктун үчтүгү": Өзөктүк соккудан Москваны эмне сактап калган?

© Sputnik / Сергей Казак / Медиабанкка өтүүНа стартовой площадке космодрома "Байконур"
На стартовой площадке космодрома Байконур - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул өзөктүк "сигаралар" СССРдин коопсуздугун кансыз согуштун эң кызып турган маалында камсыздаган. Ал туура 40 жыл мурун, 1980-жылдын 17-декабрында дароо үч – РС-16Б, РС-18Б жана РС-20Б жакшыртылган континенттер аралык баллистикалык ракета менен куралданган.

Ошол жылдары АКШдагы бийликке "ястреб" (аскердик маселелерде саясий талкууну күчөтүүнү жактаган кишиге ушундай лакап ат тагылат) Рональд Рейган келген. Москва менен түз тирешүүгө өткөн. Бирок Советтер Союзунда континенттер аралык жаңы баллистикалык ракеталарынын пайда болушу океан ар жагындагылардын кайнаган канын сууткан. Бул куралдын өзгөчөлүктөрү жөнүндөгү Андрей Коцтун макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.

Каалаган калаасын кыйрата алмак

Тарыхтагы РВСН — РС-10 эң массалык континенттер аралык баллистикалык ракета менен СССР 1960-жылдын аягында куралданган. Ал жеңил (0,5 мегатонна) же оор (1,1 мегатонна) дүрмөттөрдү 10,5 жана беш миң чакырымга таштай алат. Бирок АКШ ошол кезде ракетага каршы коргонуу тутумдарына ээ болчу, алар тек учтуу ракеталарды кармоого жөндөмдүү эле. Бир ташуучуда бир нече бөлүк болууга тийиш болчу.

Репетиция Парада Победы на полигоне в Алабино - Sputnik Кыргызстан
Жылдын машыгуусу: РФ стратегиялык өзөктүк күчтөрүнүн ракеталары кандай иштейт?
Алгачкы "көп баштуу" ракета — РС-16А. Көлөмү боюнча ал Р-10го жакын, ок атуучу жаңы шахталык түзүлүштөр керектелбей калган. Ок атуучу бөлүгү ар бири 0,5тен 0,75 мегатоннага чейинки кубаттуулуктагы төрт блок менен жабдылган. Ракетаны бир жолу кое берүү менен советтик РВСН душманга 200 "хиросиманы" уюштуруп кое алмак. Ыраактыгы — 10–11 миң чакырым. РС-16А каалаган америкалык калаага жете алмак. Анткен менен кемчиликтери да болгон, атап айтканда анчалык таамай ата алган эмес.

Жакшыртылган мүнөздөмөлөрү менен заманбапташтырылган Р-16Б иштеп чыгуу 1976-жылы башталган. Сыртынан мурдагысынан анчалык айырмаланган эмес, бирок анын мүмкүнчүлүктөрүнөн бир жарым-эки эсе ашкан. Таамайлыгы да эки эсе арттырылган, жаңы ок блоктору жана учундагы мээлөөчү комплекс да жакшырган. Тескөө тутуму старт алдындагы процессте кайра мээлөөгө жөндөмдүү автономдук инерциялык болгон.

Р-16Бге "Меридиан" мээлөөчү автономдук борттук тутумду орнотушкан, ал ракетага күүлөнүп, кое берүүчү позицияга жакын өзөктүк жарылуудан кийин да траекторияга чыга алат. Бул болжолдуу душман тараптан биринчи сокку урулган учурда да континенттер аралык баллистикалык ракеталардын бышыктыгы кыйла арттырылган. 80-жылдары жалпы эки модификациядагы РС-16дан 150 комплект курулган.

"Авангардды" ташуучу аппарат

Континенттер аралык баллистикалык шахталык ракеталуу РС-18Анын биринчи полктору 1970-жылдардын ортосунда аскердик күзөткө чыгышкан. Ракета ар бири 750 килотонналык кубаттуулуктагы алты блокту бир, ошондой эле ракетага каршы коргонуу тутумдарынын мизин кайтарган каражаттар комплексин кошо ташый алган. Ок атуу ыраактыгы — он миң чакырым. Ал түгүл душмандын коргонуу чегинен өткөн бир РС-18А эбегейсиз залал келтире алмак. Пентагон муну АКШнын коопсуздугуна негизги коркунучтардын бири катары көргөн.

БМПТ Терминатор. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Топ жарган техника": Россия танк кармашынын жаңы тактикасын сыноодо
РС-18Б модифицикациясы конструктивдүү түрдө жөнөкөйлөштү, кыймылдаткычтары мурдагыдан ынанымдуу, башкаруу жана ок тутумдары заманбап жакшыртылган. РФ Стратегиялык багыттагы ракеталык күчтөр 1980-жылдары курал-жарагы кайрадан жабдылган, аскердик күзөткө жалпы 360 ракета коюлган. Бул курал алигүнчө колдонулат. Дал РС-18Б жаңы гипер үндүү "Авангард" ок блогун ташыйт. РФтин Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, "Авангарддар" менен ракеталык полктордун бири толугу менен жабдылган.

"Бул комплекс негизи куралдардын жаңы түрлөрүн жасоо авангардында биринчи турат, анткени стратегиялык гипер үндүү куралдардын доорун ачкан", — деп билдирген РФ Стратегиялык багыттагы ракеталык күчтөрдүн командачысы Сергей Каракаев "Красная звезда" басылмасына берген маегинде.

Салмактуу жүйө

Эки баскычтуу РС-20А суюк отундуу ракетасын 1975-жылдын декабрында алышкан. Кеңири коомчулукка ал натонун терминологиясы боюнча "Сатана" деген ат менен белгилүү. Бул дүйнөдөгү эң кубаттуу континенттер аралык баллистикалык ракета болгон.

Курал ракетага каршы коргонуу тутумдарынын заманбап каражаттарынын болгон түрүн кыйратуу үчүн иштелип чыккан. Үч вариантта: сегиз мегатонналык кубаттуулуктагы дүрмөттүү жана 16 миң чакырымга уча ала турган бир блоктуу, ошондой эле бир блоктуу 20 мегатонналык ракеталуу жана 11 миң чакырымга ылайыкталган тек блоктуу, ошондой эле учу бөлүнүп тургандай (ар бири 1,3 мегатонналык кубаттуулуктагы сегиз блоктон) жасалган.

Учения кораблей НАТО в Черном море - Sputnik Кыргызстан
НАТО Кара деңизге чыгууда. Альянс Крымда Россияны кысымга алмакчыбы?
Жаңы ракетанын ансыз да ашкере кубаттуулугуна карабастан, көп өтпөй эле анын жакшыртылган вариантын чыгаруу иши күч алган. РС-20Б эми ар бири мегатонналык он блокту ташууга жана эң бышык аз өлчөмдүү буталарын, маселен, жер алдындагы бункерлерди жана күчтөрдү башкаруу пункттарын кыйратууга жарап калган.

Өндүрүштө заманбапташтырылган версиясы мурдагысынан таамай, ынанымдуу жана жөнөкөй, ошондой эле аскердик блокторду ажыратуунун жаңы баскычы менен айырмаланган. Бул өзгөчөлүгү алда канча чоң аянтты камтууга мүмкүндүк берген. Ракетанын жайгашуусу жана старт алуу ыкмасын да өзүнчө белгилөө керек. Аны шахтага транспорттук-ок атуучу контейнерге жайгаштырып, май куюп, аскердик күзөткө койгон. Ок атууга камынуу убактысы бир мүнөттөн ашуун. РС-20Б шахтадан басым кылуучу ок-дары аккумуляторун – пресстелген ок-дарыны таштаган. Кыймылдаткыч абада от алган.

"Жыйырманын" андан кийинки өнүгүшү – РС-20В. Бул мурдагыдан таамай, аскердик блокту ажыратуу аянты көбөйтүлгөн, старт алдындагы даярдык убактысы кыскарган. РС-20В алигүнчө пайдаланылат, анын ордун келечеги кең РС-28 "Сармат" оор ракеталары басат. Куралдуу күчтөр аларды келерки жылы алары күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0