Мария Шарапова британиялык миллионерге турмушка чыкмак болду. Сүрөт

© REUTERS / Tony O'Brien/Action ImagesРоссиялык белгилүү теннисчи Мария Шарапова. Архив
Россиялык белгилүү теннисчи Мария Шарапова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
33 жаштагы спортчу Instagram баракчасына болочок жолдошу менен түшкөн бир нече сүрөт жана видео жүктөгөн.

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Россиялык белгилүү теннисчи Мария Шарапова англиялык ишкер Александр Гилкстин жубайы болууга макулдугун бергенин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Ага ылайык, 33 жаштагы спортчу Instagram баракчасына болочок жолдошу менен түшкөн бир нече сүрөт жана видео жүктөгөн.

"Жаңыдан жолугуша баштаганда эле мен ага турмушка чыгууга макул экенимди айткам. Бул экөөбүздүн ортобуздагы кичинекей сыр болчу", — деп жазган ал.
Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Maria Sharapova (@mariasharapova)

Маалым болгондой, 40 жаштагы Гилкс Улуу Британиядагы аристократтардын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Учурда ишкер Paddle8 аукцион үйүн башкарат, мындан тышкары, Нью-Йорк өнөр академиясында дагы жетекчилик кызматта иштээри айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0