Түндүк Корея Россиядан COVID-19га каршы вакцина сатып алды

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКоронавируска вакцинасы. Архив
Коронавируска вакцинасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Канча вакцина алынганы тууралуу так маалымат айтылган эмес. Бирок мамлекеттик кызматкерлер менен аткаминерлерге эмдөө башталган.

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Түндүк Корея Россиядан коронавируска каршы вакцина, ошондой эле кытай термографтарын сатып алды. Бул тууралуу япониялык Asahi гезити жазгандыгын РИА Новости кабарлады.

Ал эми аталган гезит маалыматты Түштүк Кореянын чалгындоо кызматындагы маалымат булактарына жана Кытайдын тышкы соода чөйрөсүнө шилтеме кылып билдирген.

Россиядан сатып алынган вакцинанын көлөмү жөнүндө маалымат жок. Анткен менен мамлекеттик кызматкерлер жана аткаминерлерге эмдөө башталганын басылмага жеке маалымат булагы кабарлаган. Ким Чен Ын вакцинанын коопсуздугуна толук ишенмейинче колдонбой турганы дагы айтылат.

Вакцинация от коронавируса военнослужащих Северного флота - Sputnik Кыргызстан
Москвада адамдарды коронавируска каршы эмдөө башталды
Ал эми Кытайдан сатып алынган термографтар аталган өлкө менен чектеш аймактагы өткөрүү пунктуларына орнотулушу мүмкүн экендиги жазылды.

Басылма жогорудагы белгилерди Түндүк Кореянын тышкы экономикалык байланыштарды калыбына келтирип жатканы катары мүнөздөйт. Алардын тышкы соодасынын 98 пайызы Кытай менен жүргүзүлөт.

Түштүк Кореянын чалгындоо кызматынын маалыматына таянган "Асахи" өлкөнүн экономикалык абалы тууралуу да учкай маалымат берген. Октябрда Кытай менен тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү өткөн жылдын ушул айына салыштырмалуу 99 пайызга азайганын, өлкөдө азык-түлүк тартыштыгы күчөп, май менен кумшекердин баасы 2-10 эсе өскөнүн кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0