Дарыгер смартфонду караңгыда колдонуунун зыяндуу жагын айтып берди

© Photo / Pixabay / simardfrancoisНаказание за распространение фейковой информации в КР
Наказание за распространение фейковой информации в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адис смартфонго көз каранды адамдарды уктаарда жана эс алып жаткан учурда аны алысыраак жакка калтырууну сунуштаган. Уюлдук телефондун зыяны чоң, көлөмүнө карабай таасири тиери белгиленет.

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Смартфондордо жана башка гаджеттерде болгон радиожыштык нуру дененин ткандарына сиңип, ден соолукка терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Бул тууралуу дарыгер-невролог Мария Игнатова "Прайм" агенттигине айтып берди.

"Айрым изилдөөлөргө ылайык, смартфондордон чыккан радиожыштык нурлануу тукумсуздуктун, залалдуу шишиктердин, неврологиялык жана психикалык оору коркунучун жогорулатат", — деген дарыгер.

Использование смартфонов в повседневной жизни - Sputnik Кыргызстан
Эксперт геолокацияны кимдерге билдирбеш керектигин айтты
Ал электромагниттик радиожыштык талааларына бөтөнчө балдар, кош бойлуу аялдар, жүрөк-кан тамыр, нерв жана иммундук системасы бузулган адамдар сезимтал келерин белгилеген. Бирок учурда смартфондордон чыккан радиожыштык нурлануусунун адам организмине тийгизген таасири жөнүндө так маалымат жок.

Адис анткен менен смартфонду караңгыда колдонуу балдар үчүн да, чоңдор үчүн да кооптуу экенин белгилеген.

"Телефондун экранынын көгүлтүр жарыгы көзгө, биологиялык ыргакка терс таасирин тийгизип, уйкусуздукту, баш ооруну, иш жөндөмдүүлүктүн төмөндөшүн, эс тутумдун начарлашын жана көздүн деградациялык ооруларынын пайда болушун шарттайт", — деген Игнатова.

Ал кошумчалагандай, смартфонго көз каранды адамдар уктаарда жана эс аларда аны алысыраак жакка коюуну сунуштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0