Британ гезити АКШ менен Кытайдын ортосундагы согуш кооптуулугун божомолдоду

© REUTERS / Aly Song / File PhotoПереговоры США и Китая в Шанхае
Переговоры США и Китая в Шанхае - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Операцияга Кытайдын Аскер-деңиз күчтөрүнүн 056А тибиндеги "Эньши", "Юнчжоу" жана "Гуанъюань" деп аталган бардык корветтери катышкан.

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Британиялык Express басылмасы АКШнын Аскер-деңиз күчтөрүнүн Түштүк Кытай деңизине кирип, аны кытайлык кемелердин машыгуу учурундагы аткылоосунан кийин эки державанын ортосунда согуш оту тутанып кетүү кооптуулугу бар экендигин жазды. 

Басылма Пекиндин эскертүүсү бул сапар коңшу турган башка өлкөлөрдүкү менен үндөшкөндүгүн да билдирди. АКШ Кытайдын деңиздеги кызыкчылыгын толугу менен четке каккандыктан, алар дайыма аскер кемелерин аталган деңизге "кемечилик эркиндигине" кайгуулга жөнөтүп турары кабарланган.

АКШнын жаңы шайланган президенти Жо Байден. Архив - Sputnik Кыргызстан
Байден "Ачык асманга" кайтабы? 35 өлкө кирген макулдашуунун эртеңи
Америкалык "Макин Айленд" жана "Сомерсет" десанттык суднолору сууга кирери менен Кытайдын Аскер-деңиз күчтөрү согуштук атуулар коштогон машыгууну баштаган. Алыска деп мелженген кадимки согуштук куралдар колдонулган. Анын "пландалбай" жасалгандыгы айтылууда.

Операцияга Кытайдын Аскер-деңиз күчтөрүнүн 056А тибиндеги "Эньши", "Юнчжоу" жана "Гуанъюань" деп аталган бардык корветтери катышкан.

Newsweek машыгууда шарттуу алынган кемени жоюу жана ракетаны учурбай жолдон кармап калуу маневрлары да киргизилгендигин жазды.

Ал эми кытайлык Global Times басылмасы АКШнын бул аракеттин "булчуңдар менен ойноо" деп атаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0