Диетолог сүт азыктарынын пайдасы менен зыянын айтып берди

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүСүт. Архив
Сүт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сүт азыктарын ашыкча колдонгон учурда организмде кальций өтө эле көбөйүп, бул калкан безге терс таасирин тийгизиши ыктымал.

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Сүт азыктары аминокычкыл, пайдалуу май, кальций жана фосфорго бай. Бирок ашыкча колдонгон учурда ден соолукка зыянын тийгизип коюшу ыктымал. Бул тууралуу диетолог Светлана Фустун айтымына таянып РИА Новости жазды.

Кишилер спортзалда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дарыгер иммунитетти көтөрүүнүн бирден-бир жолун айтып берди
Диетолог белгилегендей, сүт азыктарын ашыкча колдонгон учурда организмде кальций көбөйүп кетет. Бул калкан безине терс таасирин тийгизиши ыктымал. Ошондой эле организмде кальций көп болгондо темир менен цинкти жууп кетет. Жыйынтыгында кычкылтек жетишсиз боло баштайт.

Адис сүт азыктарын көп колдонуу балдарга да, чоңдорго да зыян экенин айтып, айрым учурда ал ашыкча салмакка алып келиши мүмкүн экенин божомолдогон.

Ошол эле учурда сүттүн курамындагы кальций арыктатуу касиетине ээ деп жазылат маалыматта. Диетолог сүт азыктарын күн сайын ичип-жесе болорун айтып, болгону чектен ашпоо керектигин белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0