Индиядагы табышмактуу илдет эмнеден келип чыкканы божомолдонду

© AFP / SAJJAD HUSSAINНью-Дели шаарынын ооруканасындагы медицина кызматкерлери. Архив
Нью-Дели шаарынын ооруканасындагы медицина кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөнүн саламаттык сактоо министри тиешелүү жактарга бейтаптардын организминдеги оор металлдарды тыкыр изилдеп, алардын дарылоо процессин жакшылап кароо тапшырмасын берген.

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Индиянын Андхра-Прадеш штатындагы табышмактуу оору коргошун менен никелден уулануудан келип чыгышы мүмкүн. Аталган металлдардын изи суу менен сүттөн табылган. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

Эске салсак, Индияда белгисиз дарттан бир адам каза таап, акыркы маалымат боюнча, 500дөн ашуун киши аны жуктуруп алган. Дарыгерлер бейтаптардын башы айланып, адам талма болгондой абалга кептелип жатканын белгилешкен. Алардын коронавируска тапшырган тести таза чыккан.

Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Алла Кали Кришна Шринивас оорунун себептери дагы такталып жатканын айткан.

"Табышмактуу оору эмнеден улам келип чыккандыгы боюнча толук маалымат борбордук мекеменин отчетторунан кийин гана белгилүү болот. Бул дарттын келип чыгышына коргошун себеп болгону аныкталды", — деген Шринивас.

Анткен менен отчетто бул алдын ала маалымат экени айтылып, кошумча изилдөөлөрдүн жыйынтыгын күтө туруу керектиги жазылган.

Капельница. Архив - Sputnik Кыргызстан
Байтиктеги мектеп-интернаттын балдары жапырт ууланып, ооруканага түштү
"Индиянын химиялык технология институту башка институттар менен кошумча изилдөөлөрдү жүргүзүп жатат. Анын жыйынтыгы жакын арада чыгып калат. Өлкөнүн саламаттык сактоо министри тиешелүү жактарга бейтаптардын организминдеги оор металлдарды тыкыр изилдеп, алардын дарылоо процессин жакшылап кароо тапшырмасын берген", — деп айтылат маалыматта.

Акыркы маалыматтар боюнча, аталган белгисиз дарттан 505 адам жабыркап, анын 370ке жакыны айыккан. Учурда 120сы ооруканада дарыланып жатса, 19 адам медициналык көзөмөлдөн жакшылап өтүш үчүн Индиянын ири шаарларына жөнөтүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0