АКШнын эң кымбат сойкусу ишсиз калганын айтып бийликти сотко берди

© AFP / VANDERLEI ALMEIDA Кыз. Архив
Кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аймакта 17-марттан бери сойкуканалар жабылып турат. Бирок массаж жана СПА-салондордун иши жанданган.

БИШКЕК, 7-дек. – Sputnik. АКШнын эң кымбат сойкусу Элис Литтл иш жок болгондугуна байланыштуу Невада штатынын бийлигин сотко берди. Бул тууралуу Daily Star жазды.

Маалыматка караганда, аймакта 17-марттан бери сойкуканалар жабылып турат. Бирок массаж жана СПА-салондордун иши жанданган.

Арызданган аял Маунд-Хаус шаарындагы Moonlite BunnyRanch борделинде иштейт. Литтлдин өзүнүн айтымында, психолог, мамилелер боюнча машыктыруучу жана секс-эксперт болуп эмгектенет. Адистердин эсеби боюнча, Литтл өлкөдөгү эң кымбат секс-кызматкер, анын жылдык кирешеси миллион долларга жетет.

Америкалык аял өзүнүн арызында Невада бийлигинин шалаакылыгынан улам легалдуу секс-индустриясындагылар ишсиз калганын айткан.

"Мекемелердин бардыгы ачылды. Бир гана сойкуканалар ачылбай жатат. Бул мыйзамдуу секс-кызматкерлерге карата дискриминация", - деди Литтл.

Ал учурда ишсиз калгандыктан маркетинг жаатына өтүп кеткен. Ал OnlyFans аккаунту аркылуу онлайн жана оффлайн режиминде интимдик жолугушууларды өткөрүп, жан багып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0