Торго түшкөн акуланы сууга кое беришкен. Боорукер балыкчылардын видеосу

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүБаклыкчылар. Архив
Баклыкчылар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Социалдык тармактын колдонуучулары Кызыл китепке кирген акуланы бошоткон боорукер адамдардын тобуна рахматын айтып, жакшы сөздөрдүн жазышууда.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Түштүк Индия тараптагы Керала штатынын балыкчылары алардын торуна түшүп калган, учурда жок болуп бара жаткандыгы үчүн Кызыл китепке киргизилген кит акуласын кайра сууга кое беришкен. Бул туурасында РИА Новости NDTV телеканалына шилтеме берип жазды.

Кишилердин бири акуланы бошотуп жаткан учурда тартылып калган видеону социалдык тармакка жайгаштырган. Анда "аталган операцияга" 60тай адам катышкандыгын, ири балыкты тордон бошотконго бир нече мүнөт кеткендигин жазган.

​Аталган телеканалга полициянын жергиликтүү бөлүмүнөн балыкчылардын мындай камкордук мамилесине ыраазылык айтылгандыгын билдиришти.

Артын карабай качты. Акулага капыстан туш келген спортчулардын видеосу - Sputnik Кыргызстан
Артын карабай качты. Акулага капыстан туш келген спортчулардын видеосу
Социалдык тармактын колдонуучулары ал боорукер адамдардын тобуна рахматын айтып, жакшы сөздөрдү жазышууда.

"Бул адамдардын алдында шляпамды чечем", —деп жазган окурмандардын бири.

"Жасаган жакшы ишиңер үчүн рахмат", — деген экинчиси.

"Менин адамдарга болгон ишенимим калыбына келе баштады", — деген дагы бир окурман.

Ошентип, адамзаты кичинекей болсо дагы жаратылыштын бүлүнбөй калышына өзүнүн салымын кошкон.

Жаңылыктар түрмөгү
0