2021-жыл оңбогондой катаал болушу мүмкүн. БУУ эмнелерди айтты

© Sputnik / Юки Ивамура / Медиабанкка өтүүАзык таратуу. Архив
Азык таратуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ондогон мамлекеттер ачка калуу коркунучунда турат. БУУ азыркыдай бюджети менен кыйналгандарга жардам бере албасын моюндап жатат.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. 2021-жылы дүйнө акыркы 75 жыл ичиндеги эң ири гуманитардык кризиске кабылышы мүмкүн. Бул тууралуу БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк коопсуздугу боюнча программасынын аткаруучу директору Дэвид Бизлиге шилтеме берип Deutsche Welle жазды.

"Азыр эмне болуп жатканын карап көрсөк, келе жаткан 2021-жыл көптөгөн кыйынчылыктар менен коштолору айдан ачык болуп турат. Ондогон мамлекеттер ачка калат. Эмдиги жылы биз бардык нерсени каржылай албайбыз. Андыктан айрым гана нерселерге артыкчылык беришибиз керек. Негизи бай өлкөлөр жакыр өлкөлөргө COVID-19га каршы вакцина алышына бут тоспошу керек", — деди аткаруучу директор.

Бет кап сатып жаткан балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
БУУ пандемия учурунда байыган миллиардерлерди элге жардам берүүгө чакырды
Ал эми Безлиге таянып РИА Новости агенттигинин жазганына караганда, акыркы төрт жыл ичиндеги куралдуу чыр-чатактардын кесепетинен ачкачылыкка кептелген адамдардын саны 80 миллондон 135 миллионго чыгып кеткен. Ошол эле учурда пандемия бул көрсөткүчтү 270 миллионго көтөрүп койду.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус вакцинанын адилет бөлүштүрүлүшү үчүн глобалдык программага дагы 4,3 миллиард доллар бөлүүнү сунуштады.

БУУнун маалыматы боюнча, келе жаткан жылы гуманитардык жардам 235 миллион кишиге өтө зарыл болушу мүмкүн. Аларды камсыздоо үчүн дагы 35 миллиард доллар талап кылынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0