Өспүрүм кыз коронавируска кабылганын түз эфир учурунда билген. АКШдагы окуя

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүКофе көтөрүп бараткан кыз. Архив
Кофе көтөрүп бараткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
TikTok платформасында түз эфирге чыккан кыз кофесине түрдүү аралашмаларды кошуп ичип көрүп жатып, жыт, даам сезбей калганын билген.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. АКШда өспүрүм кыз коронавирус жуктуруп алганын түз эфир учурунда билген. Бул тууралуу New York Post басылмасына таянып, РИА Новости кабарлады.

Айтылгандарга караганда, Мэрин Шорт аттуу кыз TikTok платформасында түз эфирге чыгып, кофе жасаганын видеого тарткан.

Парфюмерия дүкөнүндө иштеген аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коронавирустан бөтөнчө жапа чеге турган кесип ээлери аталды
Ал кофесине түрдүү аралашмаларды кошуп ичип көрүп, жыйынтыгында эч кандай даам, жыт сезбей жатканын айткан. Өспүрүм кыз ошол жерден дүрбөлөңгө түшүп, коронавирус жуктуруп алганын түшүнгөн.

Шорттун бул видеоролиги соцтармактарга тарап, ага 700 миңден көп адам "лайк" койгон. Кийинчерээк өспүрүм кыз жаңы видеосун жарыялаган. Анда ал коронавируска тест тапшырып көрүп, анын жыйынтыгы оору бар деп чыгарып бергенин айткан.

Улуу Британиянын улуттук статистика башкармалыгынын маалыматы боюнча, жыт, даам сезбей калуу коронавирустун көп кездешкен белгилеринин бири.

Жаңылыктар түрмөгү
0