Жашоону он жылга узарта турган 4 адат аталды

© Sputnik / Табылды КадырбековПоказ кыргызской национальной одежды на джайлоо Кок-Жайык
Показ кыргызской национальной одежды на джайлоо Кок-Жайык - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Макала окумуштуулардын бир нече тобу жасаган изилдөөлөргө таянып даярдалган. Туура тамактануу, жагымдуу маанай жана кыймыл — башкы эреже.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Жашоонун узактыгын дагы 10 жылга адамдагы төрт адат узарта аларын Express басылмасына таянып РИА Новости жазды.

Ун жана жумуртка менен тамак жасоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коронавирустан коргой турчу витаминдүү азыктар тизмектелди
Изилдөөнүн авторлору жашылча-жемишке бай Жер ортолук деңиз диетасынын пайдалуулугуна басым жасашат. Окумуштуулар мындай тамактануу онкологиялык жана жүрөк-кан тамыр ооруларын, метаболизм синдромун, депрессияны жана мээнин начарлашын алдын алат деп эсептешүүдө.

Экинчиден, стресстен оолак болуу сунушталат. Илимпоздор адам канчалык көп кубанып, маанайы көтөрүңкү жүрсө жашоосу ошончолук узагыраак болот деп боолголошууда. Эксперттер бакыт, кубаныч тартуулаган хобби менен алектенүүнү сунушташат. Бул чыгармачылык, ыктыярчылык, дене көнүгүүлөрү же медитация да болушу мүмкүн.

Мындан тышкары, спирт ичимдиктери менен чылымдан баш тартуу керек. Алкоголду ченеми менен ичүү өлүмдү 17-18 пайызга кечеңдетет, ал эми тамеки өмүрдүн он жылын жөн эле алып коюшу мүмкүн экени айтылып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0