НАТО Кара деңизге чыгууда. Альянс Крымда Россияны кысымга алмакчыбы?

© Photo / страница Canadian Armed Forces Operations в TwitterУчения кораблей НАТО в Черном море
Учения кораблей НАТО в Черном море - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жо Байдендин Ак үйгө көчүп келишин утурлай түндүк атлантикалык альянс реформа баштап туру. Жакында эле аяктаган саммитте тышкы иштер министрлери аталган уюмга негиз салуучу принциптерин кайра карап, иш багытын (тартибин) кайтадан түзүп чыгышты.

Эң башкы көйгөйлөрү мурдагыдай эле Россия жана Кытай бойдон калды. НАТО "россиялык коркунучту" кантип ооздуктай турганын РИА Новости агенттигиндеги кесиптешибиз Галия Ибрагимова териштирген.

НАТОну кризиске ыңгайлаштыруу

Аталган альянстын башкы катчысы Йенс Столтенберг мүчө-өлкөлөрдүн тышкы саясий мекемелеринин башчылары менен видеожыйынга өзгөчө кылдаттык менен даярданган. Министрлер деңгээлиндеги жолугушуу — келерки жыл башына пландалган саммиттин алдындагы соңку чогулуш. Күн тартибин алдын ала иштеп чыгуу жана топтолгон маселелерди талкуулоо, демек, катышуучулардын ойго келбеген аракеттеринен сактануу аракети. Себеби буга чейин да ушундай учурлар болгон эмеспи. Мисалы, былтыркы жолугушуунун алдында Эммануэль Макрон "НАТОнун мээси кыйраган" деп билдирген. Бул талкуулоого түс берип, пландардын баарын аралаштырып салган. Альянстын мүчөлөрү Франция лидерине жана өз ара блоктун ичинде баары жайында экенин далилдөөгө биринен бири озунуп ашыккан.

Тоолуу Карабахтагы Россиянын тынчтык орнотуучулары - Sputnik Кыргызстан
Керексиз болуп... Батыш Карабахтагы абал жөнгө салынып жатканына неге нааразы
Трансатлантикалык шериктештикке шек менен карагандардын сап башында Дональд Трамп болуп келген. Россия, Кытай жана Иранды ооздуктоодо альянстын мааниси жөнүндөгү дооматтарга жооп катары АКШ президенти адегенде коргоо боюнча взносту жогорулатууну талап кылган. Тышкы коркунучтарга каршы күрөш негизинен Американын аскердик дараметинин эсебинен болушун ыксыз көрүнүш катары баалаган.

Алдыдагы саммитте АКШнын атынан Жо Байден катышат. НАТОнун башкы катчысы альянстын мурдагы "нормалдуулугуна" кайтарына үмүттөнөт. Бул менен Столтенберг америкалыктар блоктун мүчөлөрү менен аскердик-саясий союздаштыктын маанисин тастыктайт деп болжойт.

Ынанымдуулук үчүн башкы катчы саммиттин алдында талдоочуларга кайрылып, уюмдун ичиндеги көйгөйлөрдү иштеп чыгып, аларды чечүүнүн ыкмаларын сунуштап, жакынкы он жылга милдеттерди белгилөөнү өтүнгөн. Изилденген эмгекти докладга "НАТО-2030" деген аталыш менен камтышкан.

ТИМ башчылары эксперттик эсептөөлөрдү изилдөө жана аларды түзөтүүгө киришти. Жолугушуунун бардык катышуучулары, анын ичинде Франция альянстын "мээси кыйрабай турганын" моюнга алышты, бирок реформа ашыкча болбойт.

"Эл аралык жаңы жагдайга карата коргонуу союзун ыңгайлаштыруу чоң мааниге ээ. Кризистик кырдаалдарда негизги принциптерди бузуу менен коштолсо да, НАТО ыкчам жана биргеликте аракет этүүгө тийиш", — деп айтылат документте.

Докладдын авторлору, эң башкысы, вето укугун карап чыгууну сунуштайт. Аны азыр НАТОнун бардык мүчөлөрү бирдей пайдаланып келет. "Эгер бирдиктүү добуш берүү чектелсе, анда альянстын ичиндеги чыңалуу азаят", — деп боолголойт изилдөөчүлөр. Министрлердин баары тегиз алардын бүтүмдөрүнө макул эмес, бирок демилгелерди новатордук деп табышты.

Кайрадан "Москванын колун" издөө

Анткен менен бардык катышуучулардын сырткы коркунучтар боюнча көз караштары бир: трансатлантикалык коопсуздуктун олуттуу коркунучу Россия жана Кытай бойдон калды.

"Москва өзөктүк арсеналын заманбапташтырып, Ыраакы Түндүктөн Сирия менен Ливияга чейин жаңы ракеталарды жайгаштырат. Россиянын катышы Беларусь жана Тоолуу Карабахтагы каатчылыктын натыйжасында дагы күч алды", — деп сүйлөндү Столтенберг.

Орустарга ракеталык сюрпризби? АКШ менен Румыниянын Крымдын жанындагы машыгуусу - Sputnik Кыргызстан
Орустарга "ракеталык сюрпризби"? АКШ менен Румыниянын Крымдын жанындагы машыгуусу
"Кремль мурдагы советтик республикаларга үстөмдүк кылууга умтулуп, алардын суверенитетин бузат. НАТОнун качан болбосун агрессивдүү Россия менен атаандаштыкка кайткан жаңы чөйрөгө ыңгайлашканы маанилүү", — деп туурашат башкы катчыны докладдын авторлору.

"Россиялык кооптуулукту нейтралдаштыруу" боюнча иш жүрүүдө. Столтенберг НАТОнун Грузия жана Украина менен кызматташуу тажрыйбасын буга тастыктоо катары келтирди. Азыр бул эки мамлекет тең – альянстын кеңейтилген мүмкүнчүлүктөрү бар өнөктөштөрү. Бул Батыштын технологиялары жана чалгындоочу маалыматтарына жол ачар, бирок блоктогу толук кандуу мүчөлүккө караандатпайт.

Россияны ооздуктоо үчүн альянс Кара деңиздеги ордун кеңейтүүгө ниеткер. Бул – "Крымда Россиянын аскердик катышын күчтөндүрүшүнө" жооп. Чоо-жайы азырынча ачык айтылбайт.

Россиялык аткаминерлер буга мындайча жооп кайтарды. "НАТОнун аракеттери, анын ичинде Кара деңиз аймагындагы кадамдары ЕККУнун маани-принцибин талкалайт. Коопсуздуктун бөлүнбөстүк принцибине жатпайт", — деп билдирди Федерация кеңешинин эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Константин Косачев.

Кара деңиз артыкчылыктары

"НАТОнун негизги маселеси — АКШ президентинин алмашуусуна даярдануу. Блоктогулар Байден чыңдоого жана Трамптын тушунда пайда болгон көйгөйлөрдүн жоюлушуна жардамдашат деп үмүттөнүшөт. Бирок Американын жаңы лидери өзүнөн мурдагы президенттин мурастарынын баарынан баш тарта коеру арсар. Альянстын бардык катышуучулары ИДПнын эки пайызын блоктун коргоо жаатына салууга тийиш деген демилгени улантары да шексиз", — деп боолголойт Эл аралык иштер боюнча россиялык кеңештин башкы директору Андрей Кортунов.

Саясат таануучу Байдендин келиши НАТО менен Россиянын чыңалган мамилесин өзгөртпөйт деп эсептейт. Бирок Москванын эл аралык көйгөйлөрдүн кеңири айлампасына катышуусун эске алганда альянс диалогду, куру дегенде аскердик деңгээлдегилерин көз жаздымда калтыра албайт.

Америкалык Абрамс танктары. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Абрамстарды" жеткиришти. АКШ Беларусь чек арасында эмне баштоодо?
НАТОнун күн тартибиндеги Кара деңиз көйгөйүн Кортунов Закавказьедеги Россиянын күч алып бараткан Россиянын таасири менен түшүндүрөт: "Тоолуу Карабахтагы согуш жана россиялык тынчтык орнотуучулардын киргизилиши да альянстын көңүл тышында калбады. НАТО өз кызыкчылыктарынын аймагы деп санаган Кара деңизден анчалык ыраак эмес бул территориялар. Ал жакта Москванын ордунун бекемделишин алар потенциалдуу коркунуч катары баалоодо. Кара деңиз аймагынын артыкчылыгы жөнүндөгү билдирүү да ушундан улам чыкты".

Бирок Россия — НАТО үчүн Кара деңиз акваториясындагы тобокелдиктин жалгыз фактору эместигин айтат серепчи.

"Алардын Кара деңиз аймагында ордун бекемдөө пландары Москвага гана тургай, Анкарага да багытталган, — деп боолголойт ал. — Блокко мүчөлүгүнө карабастан Түркиянын позициясы бир катар маселелерде жалпы пикирден айырмаланат. Режеп Тайип Эрдогандын Греция, Франция, ал түгүл Германия жана АКШ менен пикир келишпестиктери бар. Бирок НАТО Түркияны альянска кайтарууга кызыкдар. Дагы бир максаты — Түркия жана Россиянын мындан аркы жакындашуусун азайтуу".

НАТОнун Кара деңиз күн тартибине Украина да басым жасоону улантат. Ошону менен бирге эле альянс менен болгон мамиледе башкы тема Крымда Россиянын аскердик орун алышынын күчөшү болорун белгилейт серепчи.

"Жарым аралда жаңы объектилердин курлулушун Киев трансатлантикалык коопсуздукка кезектеги коркунуч катары көрсөтүүдө. Украина бийлиги Крымда россиялык аскердик тутумдардын жайгашуусун чоң көңүл бура турган көйгөй деген оюнан кайтпайт", — дейт Кортунов.

Кыялдарга кош айтып...

НАТОнун Кара деңиз аймагына көңүл бөлүшүн Тбилиси да кубаттайт. Мындай оюн Грузия Коомдук иштер университетинин профессору Торнике Шарашенидзе ортого салат. Муну ал Түштүк Осетияда россиялык аскерлердин жайгашышы менен түшүндүрөт.

НАТО пандемияга карабай Балтикада аскердик активдүүлүгүн күчөтүүдө - Sputnik Кыргызстан
НАТО пандемияга карабай Балтикада аскердик активдүүлүгүн күчөтүүдө
"Грузия орто мөөнөттүү келечекте НАТОнун курамына кирүү кыялы менен эбак коштошкон. Бирок блок менен кызматташууну кеңейтүүгө тырышат", — деп белгилейт Шарашенидзе.

Тоолуу Карабахтагы согуш Закавказьеде Россиянын ордун бекемдеп койгонун моюнга алат. "Армениянын союздашы бар, ал — Россия. Азербайжандыкы Түркия. Бул мамлекеттер арасында иш жүзүндө аскердик альянс түзүлүп калды. Грузиянын андай союздашы жок, тек гана НАТОго таяна алат", - деп кошумчалайт окумуштуу.

Мындай кептерге карабай Грузия да, Кара деңиз аймагы да жалпысынан артыкчылыктуу көйгөй эместигин айтат серепчи. НАТОчулар үчүн ушул тапта Байден менен тил табышуу негизги маселе болуп турат. Келерки жылдын башындагы саммит буга алгачкы сыноо болмокчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0