Япония бензин менен иштеген автоунааларды чыгарууну токтотот

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүАвтосалон "Тойота Центр Омск" в Омске
Автосалон Тойота Центр Омск в Омске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Автоунаа өндүрүүчүлөрдүн мындай кадамга барышына премьер-министр Есихидэ Сугинин 2050-жылга чейин абага зыяндуу газдарды бөлүп чыгарууну токтотобуз деген демилгеси себеп болууда.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Япония 2030-жылдардын ортосунда бензин менен иштөөчү автоунааларды чыгаруусун токтотот. Бул тууралуу өлкөнүн Экономика, өндүрүш жана соода министрлигинде макулдашуулар болуп жатканын "Киодо" агенттигине таянып РИА Новости жазды. 

Нефть казуучу платформа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Нефтини кайра иштетүү боюнча Кытай АКШдан озуп баратат. Мындан Россия утабы?
Маалыматка караганда, 2030-жылдардын ортосунан тарта Японияда электр тогу жана суутек менен иштечү гибрид моторлуу автокөлүктөр чыгарыла баштайт.

Автоунаа өндүрүүчүлөрдүн мындай кадамга барышына премьер-министр Есихидэ Сугинин 2050-жылга чейин абага зыяндуу газдарды бөлүп чыгарууну токтотобуз деген демилгеси себеп болууда.

Адистер бул чечим автокурулуш индустриясында бир топ өзгөрүүлөрдү алып келерин айтууда. Япония жаңы багыттар боюнча жылдын аягына чейин өз позициясын аныктай турганын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0