09:44 20 Үчтүн айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7995
  • EUR102.6837
  • RUB1.1502
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
209 0 0

Маск келерки эки жыл ичинде Марска алгач аба кемесин жөнөтүүнү пландап жатат. Андан кийин гана адамды учуруу туурасында кеп болот.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. SpaceX негиздөөчүсү Илон Маск адам баласын жакынкы алты жыл аралыгында Марс планетасына жеткирүүгө убада берди. Бул туурасында РИА Новости жазды.

"Бул толук ишке аша турган нерсе. Алты жылдан кийин болот деп ойлоп жатам", — деди Маск Берлин шаарында өткөн Аксель-Шпрингер сыйлыгын тапшыруу учурунда сүйлөп жатып.

Видеожазуу интернетке жайгаштырылган.

"Балким төрт жылда деле болуп калышы мүмкүн", — деген ал.

Маск келерки эки жыл ичинде Марска алгач аба кемесин жөнөтүүнү пландап жатат.

Тема боюнча

АКШ космоско алгачкы ажатканасын орнотууну пландап жатат
Белгилер:
космос, аба, Марс, Илон Маск

ЭҢ МААНИЛҮҮ