Кароосуз калтырган. Марадонанын дарыгери анын өлүмүнө күнөөлөнүп жатат

© REUTERS / Martin Villar Буэнос-Айресте футболдун легендасы Диего Марадонанын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу эл аза күтөт
Буэнос-Айресте футболдун легендасы Диего Марадонанын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу эл аза күтөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда дарыгердин үйүндө жана клиникасында тинтүү жүргүзүлүп, Марадонанын оорсуна байланыштуу документтер алынган.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Диего Марадонанын дарыгери Леопольд Луке футболчунун өлүмүнө күнөөлөнүп жатканын РИА Новости Аргентинанын Telam агенттигине шилтеме кылып жазды.

Дарыгердин үйүндө жана клиникасында тинтүү жүргүзүлүп, Марадонанын оорусуна байланыштуу документтер алынган.

Аргентиналык футболчу Диего Марадона. Архив - Sputnik Кыргызстан
Футбол, бокс, кокаин. КР калысына рахмат айткан Марадона тууралуу фактылар
Тергөө ак халатчандын шалаакылыгына жана бейтаптын кароосуз калгандыгына байланыштуу жүргүзүлүп жатканы айтылат.

Ошондой эле медайым Даяна Гисель Мадрид да суралууда. Ал таңкы 07:30да Марадонанын бөлмөсүнөн кыйналган үн угуп, барып тиешелүү жардам көрсөткөнүн айткан. Бул айткандарынын эми чын-бышыгы аныкталууда.

Диего Марадонанын каза болгону тууралуу кабар 25-ноябрда тараган. XX кылымдын мыкты футболчуларынын бири жүрөк кемтигинен каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0