Америкалыктар "арзандатуу жумасында" 9 млрд. доллар коротту

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүАял дүкөндө арзандатуу учурунда. Архив
Аял дүкөндө арзандатуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл бут кийим менен зер буюмдарга суроо-талап төмөндөп, тиричилик техникасы менен уюлдук каражаттарды көп сатып алышкан.

БИШКЕК, 30-ноя. – Sputnik. АКШнын тургундары "арзандатуу жумасында" онлайн-сатып алууларга тогуз миллиард доллар коротту. Бул туурасында AP басылмасы жазды. 

Коронавирус пандемиясынан улам америкалыктардын басымдуу бөлүгү арзандатуу күнүндө дагы үйүндө болуп керектүү буюм-тайымдарды интернет аркылуу сатып алышканы белгиленет.

Основатель школы программирования Санжар Маматов - Sputnik Кыргызстан
5000 сом менен баштагам! Кирешелүү бизнес ээси Санжардын маеги
Былтыркы "арзандатуу жумасында" АКШда 7,4 миллиард сомдук соода жүргүзүлсө, бул сумма 2018-жылы 6,2 миллиард долларды түзгөн.

Өткөн жылга салыштырмалуу быйыл бут кийим менен зер буюмдарга суроо-талап төмөндөгөн, деген менен тиричилик техникасы жана уюлдук каражаттар көп сатылган.

Эксперттер "кибер дүйшөмбү" күнү ("арзандатуу жумасынан" кийинки күнү онлайн-дүкөндөрдө сатып түгөтүү башталат) АКШнын онлайн соодасынын тарыхындагы рекорддук көрсөткүч болорун күтүп жатат. Америкалыктар бул учурда 10,8ден 12,7 миллиард долларга чейин жумшашы мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0