Күтүүсүз кымбаттоо. Рублдин мындан аркы бекемделиши болжолдонууда

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүРоссия рубли. Архив
Россия рубли. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ноябрда рубль күтүүсүз жерден долларга карата беш пайызга кымбаттап кетти. Мындай кескин бурулуш он жылдан бери боло элек болчу.

Россиялык валютанын куну түшүп кетүүсүн Швейцария банкынын аналитиктери убактылуу деп эсептешүүдө. Вакциналар жана улам кымбаттап бара жаткан нефть рублдин баасын калыбына келтирүүгө шарт түзөрү айтылып келет. Аталган акча бирдигинин абалына РИА Новости баам салган.

Наркы жогорулап кетти

АКШда өтчү шайлоонун алдында рублдин куну түшүп кетип, бул окуяга байланышкан негативдин баары билинбей калды. Андан кийин долларды артка таштап кайра кымбаттап кетти. Ири банктар буга чейин эле Байдендин келиши менен америкалык валюта эч жакшылык көрбөй турганын саймедиреп келишкен.

Рубль үчүн быйылкы ноябрь ар кыл болду. 2010-жылдан 2019-жылга чейин бул айда рубль, тескерисинче, орто эсеп менен үч пайызга арзандап калчу. Быйыл баасы беш пайызга жогорулап кетти.

Буга Pfizer жана Moderna вакциналарынын жогорку эффективдүүлүгү тууралуу жаңылыктар негиз болду. Инвесторлор күүлөнүп-күчтөнүп, нефтинин баасы өстү. Brent үлгүсүнүн бир баррели марттан бери 48 долларга көбөйдү. Мындан улам инвесторлордун тобокелчилиги жогору болгон активдерге табити "ачылып" кетти. Мында көбүнесе тезирээк калыбына келе турган баалуу кагаздар менен өнүккөн өлкөлөрдүн валюталары тууралуу сөз болууда. Алардын арасында рубль да бар экенин QBF аналитиги Ксения Лапшина билдирди.

"Нефтинин баррели 45-50 доллар болуп турган чакта курс бир бочкасына 3,5 миң рублден тарта коюлат. Башкача айтканда, 70-77 килограмм. Демек, ушу тапта рубль тең чамалаш болуп турган абалга жакын", — деди ал.

Рублдин кадырын билбей жатышат

Россиялык валюта Чыгыш Европадагы эң алсыз акча болуп калганын Швейцариянын Credit Suisse банкынын аналитиктери коронавирус пандемиясынын кесепеттерин талдап жатып айтышты. Январдан бери рубль долларга карата 19 пайызга арзандап кеткен.

Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
2021-жылдын соңунда сомдун баасы кандай болот? ЕАБРдин божомолу
Банк эксперттеринин айтымында, буга өлкөдөн капиталдын чыгышы, акча сактоо структурасынын өзгөрүшү, башкача айтканда, банк депозиттеринен каражаттын агымы башкы себеп болгон. Анан, албетте, геосаясат. Навальный окуясы, Беларустагы шайлоо, Тоолуу Карабах чыры да терс салымын кошту.

Бирок ошол эле Credit Suisse банкы негативдүү факторлордун баары убактылуу экенин белгиледи. Экономикалык өсүү, жүрүп жаткан операциялардын эсеби жана реалдуу пайыздык коюмдар сыяктуу негизги көрсөткүчтөр боюнча алып караганда рублдин баа-баркы кадимкидей эле. Геосаясий жактан күтүүсүз окуялар болуп кетпесе рубль долларга карата 70-72нин тегерегинде болуп курсу бекемдей берери божомолдонду.

Custodian инвестициялык компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Андрей Плотников жыл аягына чейин бир доллар 73-74 рубль болору күтүлүп жатканын айтты.

"Рубль сырье валютасы катары рынок нефтисиндеги суроо-талаптын калыптанышына карата бекемделе берет. Вакцина багытындагы ийгиликтер тууралуу жаңылыктардын фонунда активдердин баасы өсө турганы айгине болуп калды. Рублдин жыл аягына чейин үч-беш пайызга кымбатташын болжолдоп жатабыз", — деди GB CLUB инвестициялык клубунун негиздөөчүлөрүнүн бири Хачатур Гукасян.

Ал эми Евразиялык өнүктүрүү банкынын божомолу бир аз башкачараак. Рубль арзан бойдон калууда, бирок анын күчтөнүшү үчүн мейкиндик чектелүү дейт банктын өкүлү Алексей Кузнецов.

Ак барактан

Аналитиктердин көбү 2021-жылдын биринчи кварталында эле нефтинин бир баррели 55-60 долларга көтөрүлөт деп айтууда, дал ушул убакытта массалык вакцинация башталат. Демек, бул маалда бир доллар 71-73 рубль болуп калышы толук ыктымал.

Улуттук банктын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Доллар дүйнө боюнча арзандап жатса, Кыргызстанда эмнеге кымбаттоодо?
Mitsubishi UFJ Financial Group (MUFG) божомолу боюнча нефтинин кымбатташы менен доллардын арзандашын биринчи кезекте нефть валюталары колдоого алат, анын эң мыктысы рубль болуп калышы мүмкүн. "Рубль кымбаттоого кызыкдар, ал нефть бааларынан катуу артта калды", — дешти MUFG аналитиктери.

Ал эми долларды айта турган болсок, вакциналарды сыноо процедураларынын аяктап, жапырт колдонула башташы шайын бир топ оодарчудай. Мындай күтүүсүз бүтүмгө АКШнын Citigroup банкынын стратегдери келишкен. Дарылардын натыйжалуулугу дүйнөлүк сооданы жандантат. 2000-жылдардын башындагыдай окуя кайталанат: анда Кытайдын Дүйнөлүк соода уюмуна кириши глобализацияны тездетип, доллардын баасы түшүп кеткен. Бул көрүнүш бир нече жылга созулган эле.

Азыр алты негизги валютага карата доллардын баасын чагылдырган DXY индекси сентябрдан бери минимум көрсөткүчтө, ага Байдендин келиши жана экономикалык саясаттын өзгөрүүсү таасир этип турат. Goldman Sachs ири инвестициялык банкынын эсеби боюнча азыркы абал эки жыл мурунку минимумга кайтарат. Ал эми Citigroup вакциналардын пайда болушу менен 20 пайызга да төмөндөп кетиши болжолдонууда. Дүйнөлүк валюта үчүн маңдай жарчу кабар эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0