Адис: коронавирус сасык тумоо менен грипптин катарына кошулуп келе жатат

© Sputnik / Павел Бедняков / Медиабанкка өтүүМасочный режим в Москве
Масочный режим в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Роспотребнадзор" мекемесинин башчысы Анна Попова COVID эми жыл сайын суук түшкөн маалда келе берет деп божомолдоодо.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Коронавирус акырындык менен грипп, сасык тумоо сыяктуу сезондук инфекциялардын катарына кошулуп бара жатат. Бул тууралуу "Роспотребнадзор" мекемесинин башчысы Анна Поповага шилтеме берип РИА Новости жазды. 

"COVID-19 башка вирустардай эле сезондук инфекцияга айланып бара жатат. Менимче, ал жыл сайын күн сууктаган маалда активдешет", — деди Попова.

Ал ортодо Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 2021-жылдын башында Европада коронавирустун үчүнчү толкуну боюнча коркунуч бар экенин эскертти.

Дүйнө жүзү боюнча алсак, коронавирус жуктургандардын саны 60 миллионго чукулдап калды. Бейтаптардын саны боюнча алдыңкы орундарда АКШ (12,5 миллион), Индия (9 миллион) жана Бразилия (6 миллион) мамлекеттери келе жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0