БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Нидерланддык RTL телекомпаниясынын журналисти Даниэль Верлаан Европа биримдигинин (ЕБ) коргоо министрлеринин Zoom аркылуу өтүп жаткан жашыруун видеоконференциясына кирип алган. Бул тууралуу Le Soir гезитине шилтеме берип РИА Новости жазды.
That @danielverlaan hack of the EU defence ministers' meeting? This is how it looked from the inside. Comedy gold. pic.twitter.com/1qvVYKsDpt
— Michiel van Hulten (@mvanhulten) November 20, 2020
Көпчүлүккө министрлердин деңгээлиндеги жабык жыйынга кабарчынын кантип кирип кеткени кызык болууда. Көрсө, Нидерланддын коргоо министри Анка Бейлевелд жыйынга кошулууга жол берген беш сандан турган сыр сөздү капысынан өзүнүн Twitter баракчасына жарыялап алган экен.
Ошол эле мүнөттөрдө ага Европа парламентинин өкүлү Жозеп Боррель "Сиз кимсиз?" деп суроо берген.
Журналист капысынан кирип алганын, азыр кайра эле чыгып кетерин айткан. Ал эми Боррель жабык жыйынга кирүү кылмыш экенин билдирип, "полиция келе электе чыгып кетиңиз" деп эскертүү берген.
Маалыматка караганда, бул окуядан кийин ЕБ видеоконференциялардын башкача, коопсузураак системасы керектигин ойлоно баштаганы кошумчаланды.