Коронавирустан кийин кандай азыктардан баш тартуу керек? Адистин жообу

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүМасочный режим начал действовать в столичном регионе
Масочный режим начал действовать в столичном регионе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адис пробиотиктерге бай азыктар тамак сиңирүүнү жакшыртып, оор кесепеттерге кептебей турганын айтып, ачытылган капустаны сунуштаган.

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Коронавирустан айыгып, антибиотик колдонгон бейтап грейпфрут, спирт ичимдиги, ачыткы жана кумшекерден баш тарткан оң. Бул тууралуу нутрициолог Анна Ивашкевичтин айтымына таянып РИА Новости кабарлады.

Адис белгилегендей, айрым дары-дармектер ичегинин микрофлорасын бузуп коюшу ыктымал.

"Аталган азыктар, биринчиден, антибиотиктердин туура сиңишине тоскоолдук жаратат. Мындан сырткары, кускуну келтирип, ичти оорутушу ыктымал. Ал тургай жүрөк ритмин дагы бузушу мүмкүн", — деди дарыгер.

Адис пробиотиктерге бай азыктар тамак сиңирүүнү жакшыртып, оор кесепеттерге кептебей турганын айтып, ачытылган капустаны сунуштаган. Мындан сырткары, шпинат, гречка, күрүч, табигый йогурт, айран, жашылча- жемиштер, петрушка жана чычырканак абдан пайдалуу экенин белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0