Израиль менен Венгриянын чыныгы "вакциналык улутчулдугу"

© Фото / РФПИ и Центр имени Гамалеи / Медиабанкка өтүүПервая в мире вакцина от коронавируса
Первая в мире вакцина от коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Израиль Россия менен COVID-19дан дарылоочу вакцинаны сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Владимир Путин менен Биньямин Нетаньяхунун телефон аркылуу сүйлөшүүсүнөн кийин дайын болду.

Израилдин россиялык вакцинага кызыкдарлыгы тууралуу жаңылык сенсация деле болуп кеткен жок. Эки жума мурун иерусалимдик  "Хадасса" медициналык борбору "Спутник V" вакцинасынан бир жарым миллион доза буюртма бергени элди көбүрөөк дүрбөттү. Мындан улам эки лидердин сүйлөшүүсү башталган процесстин уландысы катары гана кабыл алынды. Ушул маселенин айланасында россиялык журналист Ирина Алкснис ой жүгүрткөн.

Бирок Израиль жалгыз эле россиялык препаратты карап отуруп калган жок. Тескерисинче, Путин менен сүйлөшкөндөн кийин Нетаньяху айткандай, негизги максат — "көбүрөөк кишиге көбүрөөк булактан көбүрөөк вакцина алуу".

Россия лидери Владимир Путин  - Sputnik Кыргызстан
Вакцинаны чет өлкөдө чыгаруу пландалууда. Путин БРИКС саммитинде жарыя кылды
Премьердин сөзү иши менен дал келүүдө. Бир нече ай мурун Израиль америкалык Moderna компаниясы менен вакцина алуу боюнча контракт түзгөн. Аталган компания жакында эле дарысынын натыйжалуулугу 94,5 пайызды түзөрүн жар салды. Дал ушундай эле сүйлөшүү Тель-Авивдеги Pfizer компаниясы менен жүргөнү өткөн аптада белгилүү болду.

Айтор, Израиль оорунун кесепетинен улам күч келген саламаттык сактоо системасы жана улуттук экономиканын абалын карап туруп прагматикалык позицияны ээледи десек болчудай. Мында мамлекет идеялык-саясий эмес, илимий изилдөөлөргө таянганы көрүнүп турат.

Бирок ушу тапта батыш дүйнөсү үчүн мындай кадам уникалдуу, ошону менен бирге акылга сыйгыс болуп турган чак.

Европа биримдиги өзүнө мүчө мамлекеттерди "оңдурбайм" опузасы менен бир кылка тизип келет. Бул жолку соккуга Венгрия дуушар болду.

ЕБ үчүн коронавирустан вакцинациялоо стратегиясында өзүнүн аймагында гана иштелип чыккан препараттарды пайдалануу каралган. Баса, бул бир нече ай мурун эле Россия күнөөлөнүп келген "вакциналык улутчулдук" эмеспи. Ушу күндө Евробиримдик тарабынан AstraZeneca, Sanofi-GSK жана Johnson & Johnson компаниялары менен дары-дармек сатып алуу боюнча келишимдер түзүлгөн.

Ал эми вакцина боюнча Москва менен кызматташа баштаган Будапешт Брюсселдин айтканын аткарбай, административдик чара көрүлөрүнө да кайыл болуп отурат. Бирок венгрлер үчүн мындай опузалар көндүм иш, аларды кулак сыртынан кетирип жүрүп да бышкан. Үстүбүздөгү жумада "Спутник V" препаратынын алгачкы үлгүлөрү тесттен өткөрүү үчүн Венгрияга жеткирилет. Ал жакта россиялык вакцинаны өндүрүү процессин жолго коё турган аянтча да даярдалып жатканы белгилүү болду.

Коронавирустун компьютердик модели. Архив - Sputnik Кыргызстан
COVID: жаңы штамм мурдагыдан 10 эсе тез жайылууда. Чоо-жайы
Венгрия бийлигинин жан далбасын да түшүнүүгө болот.

Коронавирустун алгачкы толкуну Евробиримдиктин ар бир өлкөсү эпидемия менен өз алдынча күрөшүүгө мажбур экенин көрсөттү, өзгөчө элдин саламаттыгы менен саламаттык сактоо системасынын жан кейитерлик абалы муну айкын далилдеди. Учурдагы кырдаал, оорудан күн сайын адамдардын өлгөнү да оптимисттик маанай жарата албайт.

Мындай учурда "менин тиешем жок" деген ЕБ эми пандемия менен күрөшүүнүн өзү ойлоп тапкан эрежелерин пайдаланууну талап кылууда. Бул Брюссель үчүн өтө ыңгайлуу позиция.

Анын үстүнө россиялык препарат даярдалган мөөнөтү боюнча европалыктардыкынан камчы сап алдыда, бул аталган вакциналардын массалык колдонууга эртерээк чыгышы мүмкүндүгүнөн кабар берип турат. Бирок ЕБдин тынчын алган препараттын өзү боюнча да маселе бар.

"Оксфорд" вакцинасын (AstraZeneca компаниясы иштеп чыккан) тестирлөө бир топ жагымсыз ирмемдер менен коштолгон, бул анын майнаптуулугунан шек санатып койду. ЕБ аны салыштырмалуу арзан сатып алып атса, түзүлгөн келишимге ылайык, компания дары адам ден соолугуна кооптуулук жараткан учурда куугунтукка алынбай турган болду. Ал эми Франциянын Sanofi препараты сынга кабылган эмес, баасы да төрт эсе жогору.

Натыйжада бул вакциналар ЕБ ичинде кандай бөлүштүрүлөт деген мыйзам ченемдүү суроо туулат. Биримдиктин Чыгыш Европа мамлекеттерине AstraZeneca дармеги көбүрөөк жөнөтүлөт деген шек бар. Эгер бул дарыларды колдонууда элдин ден соолугу жапырт начарлап кетсе, бул көйгөй менен да улуттук өкмөттөр жалгыз күрөшүүгө аргасыз болору айкын.

Мындай кырдаалда венгр бийлигинин аракети дыкат ойлонулган жана улуттук кызыкчылыкка туура келген кадам экени көрүнүп турат. "Идеялык" жактан жакын болбосо да колдо бир нече ирет текшерилген, натыйжалуу, коопсуз дары-дармек болгону жакшы эмеспи.

Коронавируска каршы Спутник V вакцинасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Спутник V" вакцинасын социалдык тармактар аркылуу тааныштыра башташат
Баса, дал ушундай эле ойду Россиядан чыккан препаратты сатып алып жаткан "Хадасса" борборунун директору, профессор Зеев Ротштейн да айтты.

"Мен бири-бирине саясий же коммерциялык жактан туура келбеген көз караштарга көңүл бөлгөн жокмун. Биз ортодогу кишибиз. Вакцинаны биздин бейтаптар үчүн биринчи зарылдыктагы нерсе катары кабыл алдык", — деди ал.

Батыш үчүн мындай жол таптакыр акылга сыйгыс нерсе болуп жаткандай. Алар үчүн идеология өз элинин саламаттыгынан жогору турат шекилдүү.

Антсе да Европа өзүн четте калтырбайт эмеспи, келишим түзүлгөн үч препараттын эң мыктысын да ушулар алат.

Ал эми аймактагы башка мамлекеттер мурункудай эле айтылганды баш көтөрбөй аткарууну уланта берсе, бул алардын тандоосу, кесепети үчүн өздөрү жоопкер. Алар барган сайын көз карандысыздыктан баш тартуунун арты кандай болорун бүт дүйнөгө көрсөтүп келе жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0