63 жыл бирге өмүр сүргөн италиялык жубайлар COVID-19дан бир күндө каза болушту

© Фото / Pixabay / Michelle ScottОтношения в пожилом возрасте
Отношения в пожилом возрасте - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жубайлардын алты небересинин бири басылмага чоң атасы менен чоң энеси ушул жылдын сентябрь айынын аягында 63 жылдыгын белгилешкенин билдирген.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Италияда 63 жыл чогуу түтүн булаткан жубайлар коронавирустан бир күндө көз жумушту. Бул тууралуу l"Eco di Bergamo гезитине таянып РИА Новости билдирди.

Дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар коронавирустун жеңил түрүнүн да кесепети оор болорун аныктады
Билдирмеге ылайык, Винченцо менен Ольга Молино Миландын Сесто-Сан Жованни аймагында жашап келген. Бул жерге бүлө 1957-жылы көчүп барган.

Жубайлардын алты небересинин бири басылмага чоң атасы менен чоң энеси ушул жылдын сентябрь айынын аягында 63 жылдыгын белгилешкенин билдирген.

Анын айтымында, 82 жана 83 жаштагы пенсионерлер 10 күнгө чукул оорушкан. Экөөнүн тең дене табы жогору болуп, дарыгердин келишин күтпөй сасык тумоо деген болжолдуу диагноз менен антибиотик иче беришкен.

"Абышка-кемпир ооруканага 11-ноябрда түшкөн. Бирок экөө эки башка палатада жатышкан. Ольга абышкасы жанында экенин сезип жатыш үчүн анын костюмун сураткан", — деп жазылат билдирмеде.

Тилекке каршы, экөө тең жашап кете алышкан эмес. Жекшемби күнү жубайлар бир саат айырма менен бул дүйнө менен кош айтышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0