АКШ Афганистан жана Ирактагы аскеринин санын кыскартат

© AFP / WAKIL KOHSARОперативная база США в провинции Нангархар. Афганистан
Оперативная база США в провинции Нангархар. Афганистан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган өлкөлөрдөгү аскер күчтөрүнүн санын кыскартуу АКШнын планына жана стратегиялык кызыкчылыктарына дал келери айтылат.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Американын Афганистан жана Ирактагы аскеринин саны 15-январга чейин 2,5 миң адамга чейин кыскарат. Бул тууралуу АКШнын коргоо министринин милдетин аткаруучу Кристофер Миллер брифингде билдиргенин РИА Новости жазды. 

Анын айтымында, мындай чечим президент Трамптын буйругуна жана күчтөрдү кайрадан топтоо планына ылайык кабыл алынган.

Миллер белгилегендей, бул өлкөлөрдөгү америкалык аскерлердин санын кыскартуу АКШнын планына жана стратегиялык кызыкчылыктарына дал келет.

АКШ аскерлери Багдадда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Үйгө куралчан тараган балдар. АКШнын Ирактагы жеңиши жана кемчилиги
Азыр Афганистанда 4 500, ал эми Иракта 3 000 америкалык аскер жайгаштырылган.

Буга чейин бир катар ЖМКлар Пентагонго 20-январда боло турган Жо Байдендин инаугурациясына чейин аталган өлкөлөрдөн аскерлерди чыгарууну тездетүү буйругу берилгенин жазып чыгышкан.

Америкалык маалымат каражаттары президенттик шайлоодогу жеңишти демократ Байденге ыйгарышууда, бирок жеңүүчү расмий түрдө жарыялана элек. Байден өзү шайлоодо утуп чыкканын жар салган. Трамп өз кезегинде шайлоонун жыйынтыгы али чыга электигин белгилеп, өз жеңишин сот аркылуу коргоону көздөп жатат.

Февраль айынын аягында Катарда өткөн салтанатта АКШ менен талибандар дээрлик 18 жылдык согуштан кийин тынчтык келишимине кол коюшкан. Анда 14 ай ичинде Афганистандан чет элдик аскерлердин чыгып кетиши жана туткундарды алмашуу келишиминен кийин афган аралык диалог башталганы айтылган. Бул келишимдин алкагында АКШ аскерлери Афганистандагы беш базадан чыгып кетишкен.

Мамлекеттик катчы Майк Помпеонун айтымында, АКШ 2021-жылдын май айында Афганистандагы аскерлерин толук чыгарып кетүүнү пландаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0