Вирусолог кайсыл самын COVID-19дан коргонууга жардам берерин айтты

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүСамын. Архив
Самын. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуу атайын өзгөчөлүгү бар кымбат турган самындарды сатып алуунун зарылчылыгы жок экенин белгилейт.

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Москва мамлекеттик университетинин (ММУ) окумуштуусу Алексей Аграновский коронавирус инфекциясынан коргонууда кандай самынды пайдалануу керектигин сунуштады. Бул тууралуу ал "Радио 1" маалымат каражатына билдиргенин РИА Новости жазды.

Биология илимдеринин доктору атайын өзгөчөлүгү бар кымбат самындарды сатып алуунун зарылчылыгы жок экенин белгилейт.

"Кымбат самынды сатып алуунун зарылчылыгы жок. Бул жөн гана акча жасоонун амалы. Самын сөзсүз түрдө "бактерияга каршы" болушу зарыл эмес. Анын үстүнө бактерияга каршы самын ден соолукка терс таасирин тийгизиши мүмкүн, анткени терини кургатып же организмге пайдалуу нерсени жок кылат", — деп белгилейт ал.

Анын айтымында, колду кадимки балдар самыны менен жууса да болот. Муну менен окумуштуу суюк самын кадимки самын сыяктуу вирусту жана бактерияны кетире албасын белгиледи.

Көчөдө бараткан маскачан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Адис коронавирус менен күрөшкөн иммунитетти дагы эмне начарлата турганын айтты
Аграновский колду жууганда суунун температурасы маанилүү эмес экенин, негизгиси адам үчүн жагымдуу болгону жакшы экенин кошумчалаган.

Буга чейин Роспотребнадзордун маалымат кызматы дайыма колду самындап жууп туруу коронавирустун жугуу мүмкүнчүлүгүн 36 пайызга азайтарын, бул алдын алуу чарасы COVID-19га каршы күрөштө чечүүчү ролду ойноорун РИА Новостиге билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0