NYT: Трамп Ирандын өзөктүк объектилерин бомбалоону пландаган

© REUTERS / Kevin LamarqueАКШ президенти Дональд Трамп. Архив
АКШ президенти Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
12-ноябрда Трамп улук кеңешчиси менен жакынкы апталарда Ирандагы башкы өзөктүк жайларга "чара көрүүнү" кеңешкени айтылат.

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Ирандагы өзөктүк объектилерге сокку урууну пландаган. Бул тууралуу New York Times басылмасы маалымат булактарга таянып билдиргенин РИА Новости жазды.

12-ноябрда Трамп улук кеңешчиси менен жакынкы апталарда Ирандагы башкы өзөктүк жайларга "чара көрүүнү" кеңешкени айтылат.

Басылманын маалыматы боюнча, вице-президент Майк Пенс, мамлекеттик катчы Майк Помпео, коргоо министринин милдетин аткаруучу Кристофер Миллер жана АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Бириккен начальниктер комитетинин штаб башчысы генерал Марк Милли президентти согуштук сокку уруудан баш тартууга ынандырышкан. Алар бул кадам ири масштабдуу чырга алып келерин эскертишкен.

NYT кандай гана чара болбосун — бул киберчабуул же ракеталык сокку болобу, ал "сөзсүз түрдө" Ирандын Натанздагы өзөктүк ишканасын бутага алат деп эсептейт.

"Помпео жана Генерал Милли аскердик каршылашуунун мүмкүн болгон тобокелдиктерин айткандан кийин расмийлер Иранда ракеталык сокку уруу маселеси каралбай калды деп ишенимдүү түрдө жыйындан чыгып кетишти", — деп жазат басылма Трамптын администрациясынын өкүлүнө таянып.

Буга чейин Axios порталы ишенимдүү булактарына шилтеме берип, Трамптын администрациясы Израиль жана Перс булуңундагы мамлекеттер менен бирге Жозеф Байдендин инаугурациясына чейин Иранга каршы көптөгөн жаңы санкцияларды киргизүүгө даярданып жаткандыгын билдирген.

Госсекретарь США Майк Помпео - Sputnik Кыргызстан
Вашингтон Тегеранга эмнеге кайра санкция киргизди? АКШнын жеңилүү коркунучу
АКШ менен Ирандын мамилеси ирандык атактуу генерал Касеми Сулеймани жана "аль-Хашд аш-Шааби" тобунун башчысынын орун басары Абу Махди аль-Мухандис Багдадда америкалык күчтөр тарабынан жок кылынгандан кийин курчуган. Буга жооп катары Иран АКШнын Ирактагы базаларына сокку урган.

2018-жылдын май айында АКШ Ирандын өзөктүк программасы боюнча Бириккен комплекстүү иш-аракеттер планынан (БКИП) чыгып, Тегеранга каршы катаал санкцияларды кайра жандантканын жарыялаган.

ЖМКлардын билдиришинче, Байден АКШдагы президенттик шайлоодо утуп чыкканын буга чейин эле жарыялаган. Трамп азырынча жеңилгенин мойнуна ала элек, анын адвокаттары добуштарды саноону токтотуп, болжолдонгон мыйзам бузууларды иликтөө талабы менен ар кайсы штаттардын сотторуна доо арыздарды беришүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0