Окумуштуулар коронавирустун жеңил түрүнүн да кесепети оор болорун аныктады

© Sputnik / Антон Вергун / Медиабанкка өтүүДарыгерлер. Архив
Дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Изилдөөгө 200дөн ашуун бейтап катышып, вирустун биринчи кезекте өпкө, жүрөк жана уйку безин жабыркатканы айкын болгон.

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Өрчүп кетүү ыктымалдуулугу төмөн деп бааланган жеңил формадагы коронавирустун кесепети олуттуу болот. Бул туурасында Daily Mail британиялык Coverscan деп аталган эксперттер тобу чыгарган тыянакка шилтеме берүү менен жазды.

Изилдөөгө COVID-19дун жеңил түрү менен ооруган 200дөн ашуун бейтап катышкан. Анда аларда оорунун белгилери көпкө чейин сакталары, ошону менен бирге дээрлик 70 пайызынын бир же бир нече органы жабыркаганы аныкталган.

Золотая осень в Великом Новгороде - Sputnik Кыргызстан
Табигый үч азык коронавирусту организмден басып коё алат. Иликтөө
Биринчи кезекте кесепети өпкөгө, жүрөккө жана уйку безине тийгени айтылат. Ошону менен эле токтоп калбай вирус бөйрөк, боор жана көк боордогу оорулардын өрчүшүнө себепчи болгон.

Мындан сырткары, илдет жуктургандар бир нече айдан кийин да демигип, булчуңдары жана башы ооруп жатканын айтышкан.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 11-мартта жаңы инфекциянын жайылышынан улам COVID-19 пандемиясын жарыялаган. Учурда бул ооруну жуктуруп алгандар 54 миллиондон ашты, анын ичинен 1,3 миллион адам каза болду. Вирус менен алышкандардын басымдуу бөлүгү АКШ, Индия жана Бразилия өлкөлөрүндө катталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0