Молдованын президенти Додон шайлоонун экинчи турунан дагы жеңилүүдө

© Sputnik / Анатолий Кирияк / Медиабанкка өтүүМолдованын экс-премьер-министри жана "Действие и солидарность" партиясынын лидери Майя Санду
Молдованын экс-премьер-министри жана Действие и солидарность партиясынын лидери Майя Санду - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жекшемби күнү президенттик шайлоонун экинчи туру өтүп, Сандунун атаандашы учурдагы өлкө башчы Игорь Додон болду.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Молдованын экс-премьер-министри жана "Действие и солидарность" партиясынын лидери Майя Санду өлкө президенттигине болгон шайлоонун экинчи турунда дагы алдыда бара жатат. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Жекшемби күнү Молдовада президенттик шайлоонун экинчи туру өттү. Анда Сандунун атаандашы экинчи мөөнөткө шайланууга ниеттенген Игорь Додон болду.

Жыйынтыгында шайлоочулардын 56,28 пайызы Сандуну колдосо, 43,72 пайызы Додонго добуш берген. Азырынча Борбордук шайлоо комиссиясы протоколдордун 98,69 пайызын эсептеп бүттү. Азыр деле АКШ менен Канадада шайлоо участкалары иштеп жатат.

Молдовадагы президенттик шайлоодо добуш берип жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Молдовада президенттик шайлоонун экинчи туру өтүп жатат
Мыйзам боюнча, шайлоочулардын жарымынан көп добушун алган талапкер жеңүүчү аталат. Экинчи турда шайлоого келгендерге босого чек коюлбайт. Мамлекет башчы төрт жылдык мөөнөткө шайланат.

БШКнын төрагасынын орун басары Владимир Шарбан экинчи тур шайлоонун жыйынтыгына таасир эте турган олуттуу эреже бузуулары жок өткөнүн билдирди.

Ал эми полиция добуш берүү күнү үгүт ишин жасоо, шайлоочуларды сатып алуу жана башка түрдөгү 200гө жакын мыйзам бузуу катталганын кабарлады.

Эскерте кетсек, 2-ноябрь күнкү шайлоодо бир дагы талапкер 50 пайыздан көп добуш ала албагандыктан, Молдовада президенттик шайлоонун экинчи туру белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0