Google эми сиздин почтадагы пайдаланылбаган файлдарды өчүрүп салат

© AFP / LEON NEALGoogle компаниясынын логотиби. Архив
Google компаниясынын логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кызматты иштеп чыгуучу компания файлдарды өчүрөрдөн эң аз дегенде үч ай мурда email аркылуу билдирүүлөрдү жана эскертмелерди жөнөтөрүн белгилейт.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Google сервиси почтада колдонулбаган файлдарды "Google дисктен" өчүрүп саларын "Лайфхакер" жазат.

Мындай эреже 2021-жылдын 1-июнунан баштап күчүнө кирет. Ошол убакыттан тарта колдонуучулар эки жылдан ашык убакыттан бери пайдалана элек сервистердин маалыматтары жок кылынат.

Google компаниясынын логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Обонун салып каалаган ырды тапса болот. Google тиркемесиндеги жаңы функция
Маалыматтарыңызды активдүү абалда сактоонун эң оңой жолу — тез-тез Gmail, "Google сүрөт" жана "Google диск" (же контентти биргелешип түзүү үчүн тиркеме: "Документтер", "Баракчалар", "Презентациялар", "Форма" жана "Сайттар") веб-нускасы же расмий Google колдонмосу аркылуу кирип туруу зарыл.

Башкача айтканда, эгер сиз Gmail сервисин жалаң гана үчүнчү жак катары колдонсоңуз, анда сиз кызматтан пайдаланган болуп саналбайсыз. Ошондуктан расмий колдонмону маал-маалы менен ачып турушуңуз керек.

Кызматты иштеп чыгуучу компания файлдарды өчүрөрдөн эң аз дегенде үч ай мурда email аркылуу билдирүүлөрдү жана эскертмелерди жөнөтөрүн белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0