Индияда роботтор COVID менен күрөшкөн дарыгерлерге жардамчы болууда. Видео

© AP Photo / Eugene HoshikoРобот. Архив
Робот. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эң популярдуу үлгүдөгү роботко Mitra деген аталыш берилген, бул хинди тилинен "дос" деп которулат. Баасы 10 миң доллардын тегерегинде.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Индиянын ооруканаларында COVID-19 менен күрөшүүгө жардам берүү үчүн роботтор ишке киргизилди. Бул туурасында CNN Business порталы маалымадады.

Индияда коронавирус жуктургандардын саны тогуз миллион адамга чукулдады. Бир нече ооруканада бейтаптарды жакындары менен байланыштыруу жана медиктерге көмөктөшүү максатында роботторду колдоно башташкан.

Жергиликтүү Invento Robotics компаниясы ар түрдүү робот иштеп чыккан. Алар имаратты дезинфекциялап, бейтаптардын суроолоруна жооп берип жана дарыгерлер менен видео аркылуу кеп-кеңеш берүүнү уюштурууга мүмкүнчүлүк түзөт.

 

Роботы обслуживают посетителей в британском кафе — видео - Sputnik Кыргызстан
Британия: ресторанда кардарларды роботтор тейлеп жатат. Видео
Эң популярдуу үлгүдөгү роботко Mitra деген аталыш берилген, бул хинди тилинен "дос" деп которулат. Баасы 10 миң доллардын тегерегинде. Ал Жүзүнөн таануу технологиясын колдонуу менен өзү тейлеген бейтаптын атын эстеп кала алат. Ошондой эле төшүнө кадалган видеоэкран жана камераны колдонуп ооруканада жаткандарды үй-бүлөсү жана дарыгерлер менен байланыштырат. Бул роботтун ак халатчандарга жардамчы болору белгиленет.

Кадрдан Нойда шаарында эки роботту иштетип жатканын көрүүгө болот. Биринчиси кире бериштен келгендерден COVID-19дун симптомдорун текшерип, экинчиси тезинен жардам кылынуучу терапия бөлүмүндө турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0